АЛГАЧ СЕНИ, АНАН ӨЗҮМДҮ ТАПТЫМ

КАЙСЫ КҮНӨӨМ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫҢ?
Ойгонгонумда күн көтөрүлүп калган экен. Үй толо кечээ ичилген сыранын бөтөлкөлөрү, бассаң чалынып кетчүдөйсүң. Бөтөлкөлөш достордун кеткенине аз гана болгон окшойт, бөлмө али чылымдын түтүнүнөн арыла элек экен. Качан келгени белгисиз, бурчта жубайым Ализа отурат. Окшуп жибердим да, ашканага кирип суудан жуттум.
Бүгүн апамдын көз жумган күнү эле, ага багыштап куран окудум. Ализа кошо алакан жая бата тартты. Экөөбүздүн баш кошконубузга эки жарым жыл болду. Ага атасы белек кылган үйдө турчубуз. Үмүттүү, нурдуу көздөрү менен мени жалооруй карап турду келинчегим. “Боюмдан түшүп калды” деп мага телефон чалганда тагдырга таарынып, иче баштагам. Бул Ализа жарыкка алып келе албай калган экинчи наристебиз эле. Көз карашыбыздан эле бири-бирибизди түшүнүп турдук. Качан гана баштар көтөрүлүп, көздөр тиктеше түшкөндө экөөбүз тең ордубуздан тура калып, кучакташып калдык.
– Кайсы күнөөм үчүн Кудай бизди баласыз калтырды?
Дагы да кесир сүйлөп жибербесин деп оозуңду алакандарым менен жаба калдым.
– Мейли, биз балалуу болбосок да, түбөлүк бирге болобуз!
Ушинтип соороттум, балким, өзүм да ушуну менен сооронгондурмун. Мага карап эрдиңди тиштей баш ийкедиң да, көзүңдөгү жашты көргөзбөй ала качып кеттиң. Бул мени кубаттаганың эле.

АПАМА ӨЧӨШҮП ӨЗҮМДҮ КЫЙНАДЫМ
Жашоонун, тагдырдын мени менен ойноп жатканы эң ириде бир кезде менин тагдыр менен ойногонума байланыштуу. Жаштыкта көп тобокелге баргам. Мен медер туткан атам мага өгөй экенин, бул сырды апам менден ушунча жыл жашырганын билгенимде баарынан кечкем. Тууган энемден, билим алып жаткан мектебимден, жакындарымдан, жакыным Ализадан... Апама таң калчумун, ошол нерсени менин билүүмө жол бербей, мени жалаң жатак мектепте окутканына, эч кимге кошпой жалгыз өстүргөнүнө. Үй-бүлө очогун, сүйүүсүн сактап калуу үчүн ушундай кадамга барганын кийин түшүндүм. Мен түшүнгөндө баары кеч болуп калган...
Шаарга качып кеткен мени издеп келатып апам автокырсыктан көз жумган. Апамдын каза болгонун эки аптадан кийин билдим, бирок барган жокмун. Шаарга келгени өзүмдөн башка эч кимди ойлобой калдым. Кой деген кожо жок, эркиндик колго тийгенине маашырлангам. Өзүм курдуу тааныштарды таап, арактын түбүнө түшкөм. Аракты жазданып ичип, таңдар түрдүү кыздар менен атат, күнүгө коюнубуздан ар башка кыздар туруп кетишет. Жаңылып жүргөнүмдү билгеним менен, аны токтотууга эрким жеткен эмес.

ЭМИ БАЛАМДЫ ӨГӨЙ АТА ЧОҢОЙТОТ...
Мындай жашоонун түбү жоктой сезилчү. Бирок бир гана күн менин жашоомду кайтарып, өзүмдү табуумду шарттап койду. Таң атпай бир кыз телефон чалып, “жолугуп сүйлөшөбүз” деп калды. Менден боюнда бар экенин айтып ыйлап алган. “Кайгы жокто кайненем өлүптүр” дегендей, бул кабар күтүүсүз болгондуктан, каным башыма тээп чыкты. Дароо ордумдан туруп, болжошкон жерге жөнөп калдым. Буга чейин эки кыз ушундай арыз менен келип, дарынын жардамы менен бойлорунан алдырышкан. Бардым. Бул кыз менен качан, кайдан жолукканымды эптеп эстегиче анын курбу кызы пайда болду.
– Эркин...
Жалт бурулсам, маңдайымда эски таанышым, санаалашым Ализа турган экен. Мектепте окуп жүргөндө мени жактырарын билчүмүн. Бүткөн боюм ызага муунуп, анын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезип турдум. Ал эми менден боюнда болуп калган кыз анын бөлөсү экен. Өзүмдү коёрго жер таппай турган маалда Ализа мен үчүн эң туура чечимди кабыл алды. Сүйлөшүп бөлөсүн кетирип, мени менен калды. Бир саамга унчукпай турдук да, анан тил табышып кеттик. Сөз ортосунда мен көп жаңылыш кадамга барганымды айтып бердим. Көп өтпөй экөөбүз кыз-жигитке айландык. Бирок мага аял болуудан коркуп жүрдү. "Сенин баскан жолуңдун жашообузга кесири тиет" деп ачык эле айтчу.
Убакыттын өтүшү менен баарын унутуп, баш кошуп алдык. Мага жумуш да таап берди. Биз ошондо түбөлүк бир болууну, өткөн жолду эстебей, биргеликте алдыга умтулууну максат кылганбыз. “Бизди ажал гана ажыратсын” деп антташканбыз. Кийин сурасам, бөлөсү баланы аман-эсен төрөп, багып жатканын, жакында турмушка чыгарын айтты. Аны эстеген сайын өзүмдүн балалыгымды эстейм. Талашууга укугум жок экенин билем. Атам кылган кадамга аргасыздан барып, өз уулумдун келечегин өгөй атанын колуна тапшырдым. А бирок ичте бир от күйгөнү күйгөн. А мен ант боюнча Ализа менен түбөлүктүү болом. Баласыз, бактысыз болсом да, мен аны менен калууга тийишмин. Анткени мен Ализаны, андан кийин гана өзүмдү таптым.

Эркин
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
koshmatov
2012-08-20 11:42:03
бир жагынан баласы бир жагынан аялы Алыза ото кыйын абалга тушуп кылыптыр
+2
ayildik_kiz
2012-08-21 00:11:38
Кыз маакул болсо баланы багып алышса болмок
+4
AGAT
2012-08-24 16:51:40
zakuly95 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
mr-kg88
2012-08-25 18:10:12
“Бизди ажал гана ажыратсын деген анты жакшы экен
+1
marko
2012-08-28 09:56:11
маган жага берген жок анча,еле.
0
Shah
2012-08-30 22:38:06
Мм ойлогон ойду кыстаган турмушка жендирбешке аракет кылыш керек болчу.
0
mama_6365
2012-09-27 17:58:29
ayildik_kiz Кайсыл кыз макул болсо баланы торогон кыз баласын бермек беле!Ализанын болосу молодец баласын торогон!
0
Aygul
2012-11-01 08:52:08
Актактыгынызга чыдаган Ализага рахмат. Баланы калтырган Ализанын болосуно рахмат. Бала да огой атанын колунда чонойсо, анда, ал да чонойго ушундай абалга калат экен да э?
0
ruslan_92kg
2012-12-09 00:54:54
Балага жетпей журуп 2ну даары менен алдыртыптыр
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан