БАЛ ААРЫ БАГУУ – ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ БИЗНЕС

Балчылык – көп эмгекти талап кылбаган жумуш. Себеби бал аарылардын эмгекчилдиги ээсинин жумушун колдон алгандан сырткары бал өндүрүп, пайда да алып келет. Бал – ар дайым баалуу азык,анткени дарылык касиети күч. Ошондой эле базардагы баасы да кымбат. Андыктан акча табуунун булагын издегендерге мына ушул балчылык ишин сунуштайбыз.

БАЛ АЛУУ ҮЧҮН АЛГАЧКЫ КАДАМ
Бал алуу үчүн адегенде аарылардын түрүн тандап алуу керек. Кыргызстандын аймагында белгилүү болгон бал аарыларынын негизги эки түрү бар. Алар – Украинадан келген Карпатка жана экинчиси Германиядан алынган Карника бал аарылары. Ошондой эле Орто орус, анан өзүбүздүн жергиликтүү бал аарылары да балчылыкта багылып келет.
Эми аарыларды багууга шарт түзүү зарыл. Бул үчүн бал челектер керектелет. Анан кадимки мал сатып алгандай эле эне аарыларды сатып алуу зарыл. Мындан сырткары аарылардын тиричилигин көзөмөлдөөгө жана бал алууда колдонулуучу шаймандар талап кылынат. Эмесе, балчылыкка керектүү шаймандар, буюмдар жана алардын орточо бааларын тизмектеп көрөлү.

БАЛ ЧЕЛЕК ЖАНА ЭНЕ ААРЫ
Бал челектер көлөмүнө жараша 5000 сомдон жогору (колдонулгандары 2000-3000 сом) турат. Мындан сырткары бал челектин ичиндеги бал чогулуучу бөлүктөрдү өзүнчө сатып алсаңыз да болот. Вощинанын (аары жумуртка тууп жана бал чогултуучу бөлүк) 1 килограммы 480 сом болсо (ичинде 5 даана), вощина бекилүүчү рамкалар 23-25 сомдон.
Бал аарылардын бир үй-бүлөсү, тактап айтканда, бир уядагы аарылардын тобу (бир ургаачы энеси жумушчу аарылары менен) балчылардан 3000 сомго сатып аласыз. Мындан сырткары Бишкектеги Кыргыз балчылар союзунда чет элден алынып келинген Карпатка тукумундагы бир эне аары – 1800-2000 сом, Карника – 5000 сом жана жергиликтүү эне аарылар 1000 сом турат.
Ошондо бир бал челек жана бир үй-бүлө аарыга орто эсеп менен 8000 сом керектелет. Балчылыкты баштагандар бир үй-бүлө аары менен эле баштаса жетиштүү. Кийинчерээк аарылардын ичинен эне аарыларды таап бөлүп алып, аарылардын үй-бүлөсүн көбөйтүп алса болот.

БАЛ ЖЫЙНООЧУ ШАЙМАНДАР
Бал айдагычтын (медогон) колдонулганы 5000 сомдон жогору турат. Ал эми жаңысы 20 000 сомдон өйдө. Бал чыпкалагыч – 250-500 сом.Ошондо бал жыйноого шайманды сатып алууга 5500 сом жетиштүү.
Бал бизнесин бир үй-бүлө аарыдан баштасаңыз, жалпысынан орто эсеп менен 17 000 сомдун тегериндеги каражат керектелет. Ал эми келечекте аарынын үй-бүлөсүн көбөйтүүдө бал челектерди гана сатып аласыз.

ЧЫГАШАНЫ БАЛ ААРЫЛАР АКТАЙ АЛЫШАБЫ?
Жогоруда бир үй-бүлө аарыны сатып алып, аны багууга кеткен каражаттын орточо баасын эсептедик. Эми ошол бир үй-бүлө аары бир жылда канча пайда алып келет? Аны да эсептеп көрөлү.
Бир үй-бүлө аарыда бир эне аары, кышкысын 20 миңдей, ал эми күн жылып, бал чогултуу башталганда 60 миңден 100 миңге чейинки жумушчу аары болот. Кыргызстанда чөп-чарлар, бак-дарактар гүлдөгөн маалга карап бал эки жолу жыйналат. Ал эми аймак которуп көчүп-конгон балчылар үч жолу жыйнаганга жетишет. Бирок акыркы жыйымды аарылардын кышкы азыгына калтырган оң. Эгер акыркысын да жыйып алам десеңиз, анда октябрдын аягына чейин аарыларды кумшекерден даярдалган шире менен багуу зарыл. Бир жолку бал жыйноодо бир үй-бүлө аарыдан жумушчу аарылардын санына жараша орточо 10 килограмм, эң жакшы болгондо 15 килограммга чейин таза бал алынат. Жалпылап алганда бир сезондо 20-25 килограмм бал алууга болот. Ал эми 1 килограмм балдын дүң баасы 130-150 сом болсо, чекене баасы – 210-250 сом.
Ошондо орточо бааларды алып эсептесек, бир үй-бүлө аары бир жылда балды дүң баада 140 сомдон сатса, 2800 сом, чекене баада 230 сомдон сатса, 4600 сом пайда алып келет. Эсептелген пайданын 200-300 сому гана аарылардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн, дарыларды сатып алып, профилактикалык ишке жумшоого кетет. Калганы капчыгыңызды кампайтууга жарайт.
Ошондой эле биринчи алынып келген эне аары тууп, жаңы аарылар чоңойгондо алардын ичинен дагы 3-4 эне аары пайда болуп, өзүнчө топ түзүп, бөлүнө баштайт. Мына ошол учурда эне аарыларды өз-өзүнчө топтору менен бөлүп алып, үй-бүлө түзүүгө мүмкүн. Эгер бал челектериңизди көбөйтөм десеңиз, анда биринчи үй-бүлөдөн 3-4 эне аарынын ар бирин өзүнчө үй-бүлө кылып бал челектерге бөлүңүз. Ал эми жаңы топтон дагы бал алам десеңиз, биринчи үй-бүлөдөн эки гана топ бөлүп алуу керек. Жаңы бөлүнгөн топ экинчи жыйымда 2 килограммга чейин бал бере алат. Кийинки жылы кадимки нормадагы бал чогултууга жарап калат. Кышында бал челектерди калың чүпүрөк менен ороп, челектерди бирөө түртүп ордунан козгобогондой тынч жерге коюу керек. Эскертүү! Кышында бал челектердин оозун ачпаңыз. Жазында күн жылыгандан тарта гана ачуу керек. 2-3 жылдын ичинде бал челектердин санын көбөйтүү менен кетирген чыгымды толук актап, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Балчылык кесипти аркалайм дегендер үчүн маалыматтары менен бөлүшкөн Кыргыз балчылар союзунун адиси Дильбар Муратовага жана 32 жылдык тажрыйбасы бар Эмил Абдракуновго ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бал аары багуу - эң жөнөкөй бизнес
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jyrgal_8610
2012-08-20 13:10:21
Ассаламалейкум Урматту Супер инфо газетасынын кызматкерлери,ушу аары шаймандарын жана аарынын энесин сатып алганга, дукондордун адресин да бересиздерби суранам?
0
jyrgal_8610
2012-08-21 12:24:10
рахмат!!!
0
sabyr86
2015-07-27 18:08:59
Кийимдерин каяктан сатып алсак болот? Бишкекте адреси болсо берип койуңуздарчы суоаныч.
0
jorobek.kg
2016-10-05 15:23:27
Мага бал челек керек барбы саткылык
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан