ДУБАЙ - КЕЛЕЧЕКТИ ЖАШАП ЖАТКАН ШААР

Туристтерди оригиналдуу жайлары менен тарткан, ишкер адамдарды ири бизнес-борборлорунда чогулткан жана секунд сайын гүлдөп келаткан шаарга чогуу сапар тарталы.

Дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири болгон Дубай 1830-жылдары негизделген. ХХ кылымдын башында ал Перс булуңундагы эң ири соода борборуна айланган. 1966-жылы Дубайдын чет-жакаларында азыркы Дубайдын экономикасынын негизин түзгөн мунайзаты табылган. Ошондон тартып шаар укмуштуудай ылдамдык менен өнүгө баштаган.
Азыр Дубай Жакынкы Чыгыш жана Арабия жарым аралдарынын соода, бизнес жана туризм борбору болуп эсептелет. Анын өнүгүү темпи эч нерсе менен салыштырылгыс. “Дубайдан жарым жылга кетип кайра келсең, жаңыдан курулуп келаткан пайдубал асман тиреген имаратка айланып калган болот” дешет шаарды тааныган адамдар. Мында адамдардын ордуна роботтор иштейт. Андыктан куруу иштери күнү-түнү менен бир секундга дагы токтобостон жүрүп турат.
Бүгүнкү күндө Дубайда 5 негизги район бар: Дейра – шаардын соода-сатык бөлүгү, Бур-Дубай – тарыхый бөлүк, Шейх-Заид Роуд – Дубайдын бизнес борбору, Жумейра – шаар тургундарынын көпчүлүк бөлүгү отурукташкан конуш, Дубай Марина – 2008-жылы курулуп бүткөн жаңы заманбап конуш.
Албетте, Дубайда салттар унутта калган эмес. Мында мечиттер ыйык деп эсептелинип, шарият мыйзамдары өкүм сүрөт. Анда барган туристтер да жергиликтүү маданиятты сыйлап, жабык кийинип, “салам алейкум” деп саламдашышат. Ал эми ар жекшембиде шаар четиндеги чөлдүү ачык талааларда төө жарыштары өткөрүлөт. «Мындай жарыштарга баш байге катары Жип сыяктуу унаалар сайылат» деген кептер да бар.
Дубайдагы мегакурулуштар

“Бурж Аль Араб” отели

Дүйнөдөгү эң атактуу мейманканалардын бири. Кеменин парусуна окшоштурулуп курулган бул 7 жылдыздуу отель Перс булуңунда жайгашкан. Имараттын боорунда туурасынан ресторан турат. Бирок бул нерсе алыстан караганда христиандардын айкаш жыгачына окшош болгондуктан, жакынкы арада ресторанды бузуу тууралуу кептер козголууда. Себеби Дубайда айкаш жыгачты эске салган перпендикулярдуу курулуштарга тыюу салынган.

“Жумейра Месжит”

Планетадагы эң кооз мечит. Ал 1986-жылы эле салынып, 2002-жылы реконструкцияланган. Мечиттин сырты алтын түстүү таш менен капталып, ичинде үч чоң алтын люстра бар.

“Бурж Дубай”

Жер жүзүндөгү эң бийик имарат боло турган мунара. Бийиктиги боюнча бардык рекорддорду буза турган “Бурж Дубай” 160 кабаттан турат. Учурда чокусу 818 метрге жеткен имараттын так бийиктиги сыр катары сакталууда. Имаратты курууга 5 миллиард доллар жумшалган. Долбоордун автору – америкалык архитектор Эдриан Смит. 2004-жылдан бери салынып келаткан мунара жума сайын 3 кабат менен толукталууда. Сейил бактар менен мектептер, бейтапканалар менен банктар, музейлер менен мечиттерди, жадакалса жеке электр станциясын өзүнө камтыган “Бурж Дубайды” «шаар ичиндеги шаар» деп да аташат.

“Ски Дубай”

Чөлдүн чок ортосунда жайгашкан жабык лыжа базасы. Анын чоңдугун үч футбол талаасы менен салыштырса болот. Ичинде суук өлкөлөрдөн тонналап алынып келинген жана жергиликтүү жасалма кар толгон. Кар баскан бийик жасалма тоолор, бир канча чакырымга созулган аркан жолдору, хоккей үчүн муз талаасы, муздан жасалган чакан мейманканалар бар. Курорт бир убакта 1,5 миң конокту тейлей алат.

“Пальма”

Перс булуңундагы пальма түрүндөгү жасалма аралдар. Архипелаг үч чоң бөлүктөн турат. Анда кафе-ресторандардан баштап иш кеңселерине чейин түрдүү эс алуу жана бизнес-имараттары орун алган.

Дубай – Арабиядагы эң ири шаар, Араб Эмиратынын административдик борбору.
Калкынын саны – 1 870 000 адам (2008-жылдагы көрсөткүч боюнча).
Аянты – 3,9 миң чарчы чакырым.
Жээктери Перс булуңунун cуулары менен жуулуп турат.

Анжелика: “Дубайда өзүмдү бейиште жүргөндөй сездим”

– Дубайда жалаң мусулмандар жашаган үчүн бизге жакын экен. Ал жакта бейиште жүргөндөй сездим. Бирөө бир нерсеңди уурдап кетет, жаман көзү менен карайт деп коркпойсуң. Дубайда телефонуңду унутуп кетсең, эки сааттан кийин келип карасаң дале турган болот. Жадакалса машинасын бекитпей таштап кете беришет экен.
Арабдар – ыймандары бекем, меймандос, ууртунан жылмаюу кетпеген адамдар. Кызыгы, көчөдө кол кармашып басканга, беттен өпкөнгө болбойт. Атайын туристтерди көзөмөлдөгөн полиция сыра кармап тургандарды тыйышат. Же болбосо жетелешкендерди көрсө, нике күбөлүгүн сурайт. Жок болсо камап коюшу мүмкүн. Арабдардын кыйындыгын көрүңүз, “келип иштесеңер болот” деп баарына жол ачып коюшат. Бирок чет өлкөлүк киши ал жакта эч качан жаран боло албайт, андыктан бир арабдын атын колдонуп иштейт. Бул болсо «акчанын 50 пайызы ага берилет» дегенди түшүндүрөт.
Дубайдагы курулуштар укмуш! Акылга сыйбаган имараттар салынып жатыптыр. Бир бийик имараттын чокусуна чыксаң, үстү чайпалып, Жер тоголок болуп көрүнүп турат!

Бегайым Мусакеева
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан