Казань шаарында 5-11-сентябрда өтүүчү 8-эл аралык мусулман кинолору фестивалында 9 кыргыз тасмасы көрсөтүлөт. Фестивалдын девизи – “Маданияттын диалогу аркылуу маданияттуу диалогго баруу”. Фестивалдын талабы боюнча, адамзаттын маданий жана нравалык баалуулуктарын чагылдырып, аларды гумандуулукка жана тынчтыкка чакырган киноленталар кабыл алынат. Тандап алуу комиссиясынын курамында орусиялык жана чет өлкөлүк белгилүү кино таануучулар менен сынчылар болушат.