АШЫКТЫК АСМАНЫНДА-2

Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Фернандо Гонсалес Молина
Продюсерлери – Франсиско Рамос, Хуан Карлос Каро, Мерседес Гамеро, Алех Пина
Сценарийдин авторлору – Рамон Салазар, Федерико Моччиа
Ролдордо – Марио Касас (Ачи), Мария Вальверде (Баби), Клара Лаго (Жин), Марина Салас (Катина) жана башкалар
Композитору – Манел Сантистебан
Тасманын узактыгы – 2 саат
Бюджети – 3 500 000 евро
Өлкөсү – Испания
Чыккан жылы – 2012

АЧИ БАБИНИ ЭМЕС, ЖИНДИ ТАНДАДЫ
Аталган тасманын жарнактарда илинип турганын көрүп кызыгып калган элем. Анткени биринчи бөлүгү жакшы таасир калтырган. Тасманын Кыргызстандагы бет ачары аншлаг менен өттү. Сюжетине келсек, анда биринчи бөлүгүнүн соңунда Ачи менен Баби эки айрылыш жолго түшүшкөн.
Экинчи бөлүгү ал сюжетти улай, жаңы каарман Жиндин кошулушу менен ар бир эпизод көрүүчүнү кызыктырып жүрүп отурат. Жүрөктөгү дартын айыктыруу үчүн эки жыл Лондондо жүрүп келген Ачи мекенине келгенде кайра эски жараат козголот деп Баби менен жолугуудан коркчу. Бирок кээде жашырынып барып, анын үйүн аңдып жүрөр эле.
Күндөрдүн биринде өзүнө кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму жагынан окшош Жин аттуу кыз менен таанышып калат. Экөөнүн жылдыздары келишип, эми гана мамиле кура баштаганда эски сүйүүсү Баби менен кезигип, ага болгон сезимдери өткөн күндөрдө гана калганын түшүнөт. Тасма соңунда Ачи Жин менен калат.

ЭРОТИКАГА БАЙ
Фильмдин аудиториясынын көпчүлүгүн өспүрүмдөр түзгөнү менен, тасманын экинчи бөлүгүндө эротикалык эпизоддорду көп кездештирүүгө болот. Кинону көрүп отуруп, "кино жаратуучулар бул нерсени эске алганды унутуп калышкан го" деген ойго кептелесиң. Анткени режиссёр фильмде ачык сценалардан аянбаптыр. Биринчи бөлүгүндө бир эле сюжеттик линия болсо, экинчисинде ар бир каармандын өз көйгөйлөрү бар. Бардык окуяларды бириктирип кармап турган сюжеттик линия жок. Ошондой эле Ачи Жинди мурунку сүйүүсү Бабиден да катуу сүйөрү толук кандуу далилденбей калган. Ал эми актёрлордун оюну мактоого арзыйт. Айрыкча Марио Касас менин эсебим менен беш-алты жолу ыйлайт. Эгер чын жүрөктөн чыккан ый болсо, эркектерге деле ыйлаган жарашарын Касас далилдей алган.

РЕЖИССЁР ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ
– Федерико Моччианын Ачи тууралуу романын окуганда мен биринчисине караганда экинчиси кызыктуу болорун сезгем. Анткени биринчисинде алгачкы сүйүү, кыздык аруулуктан арылуу, сүйүүнүн жомоктогудай кереметтүүлүгү сүрөттөлсө, экинчисинде өспүрүмдөрдүн жетилүүсү, сүйүү дартына кабылгандан кийин кайра сүйүп калуу кандай кыйын экени берилген. Мага дал ушул экинчиси кызык болду. Анткени ошол эле өспүрүмдөр жетилүү стадиясында кандай болору кызыгуу туудуруп, ошол эле каармандарды тарттым. Сюжет кайгылуу эмес, тескерисинче, бул – оптимисттик баян. "Жашооңдо ката кетирген болсоң, аны оңдоо эч качан кеч эмес, баары сенин каалооңдон көз каранды" деген ой берилген. Ачинин Жинди тандашы да өзүнүн каалоосунан көз каранды болду.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Тартуу иштери Испаниянын Барселона жана Жирона шаарларында жүргөн.
  • “Ашыктык асманында-2” фильминин китеби жакында 10 миң нуска менен жарыкка чыгат. Кино жаратуучулар жазуучу Федерико Моччиа менен китептин 3-бөлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Эгер автор макул болсо, анда фильмдин 3-бөлүгү тартылып калышы толук мүмкүн.
  • Аталган тасмага тартылган күндүн эртеси эле атактуу болуп ойгонгон актёр Марио Касастын учурда Испанияда атагы таш жарып жаткан учуру. Мындан улам жаштар арасында “Мариомания” толкуну башталган.
  • Тасманын башкы каармандары "Марио Касас менен Мария Вальверде кыз-жигит" деген кептерди четке кагып, экөө тең "жакын санаалаш достордонбуз" дешет. Бирок папараццичилер тартып, интернетке жайылткан сүрөттөр башканы “сүйлөшөт”.


Бир собол

АЧИ КИМ МЕНЕН БИРГЕ КАЛСА БОЛМОК?

Неля, ырчы:
– Бул фильмдин эки бөлүгүн тең көрдүм. Менин оюмча, Ачи Баби менен калса жакшы болмок. Анткени анда аялзатына тиешелүү назиктик, сулуулук бар. Ал эми Жин ээн башыраак. Ачи Баби менен кокусунан таанышып калса, ал эми Жин фотоаппарат менен сүрөт тартып жүрүп Ачи менен атайын таанышкан. Ачи "убакыт дарылайт" деп Лондонго кетип калбаганда Баби менен чогуу калмак, балким.

Эрмек Нурбаев, телеалпаруучу:
– Баби менен калса жакшы болмок да, албетте. Ачинин мүнөзү катаал эмеспи, ошон үчүн түшүнбөстүктөр болуп кетти окшойт. Эгер экөө чогуу калса, экинчи бөлүгү тартылмак эмес. Бул мезгилде бала-бакыралуу болуп, балким, алар жөнүндө документалдык фильм тартылып калмак. :)

Гүлнур Асанова, ырчы, актриса:
– Жин менен калганы жакшы болду. Баби убагында кармай албай калган да. Эгер Баби Жиндей жандуу, максатына жете билген кыз болсо, Ачи менен бирге болмок. Ачинин деле Жинди тандаганы ушул себептен болду го дейм.

Кымбат Асизова, актриса:
– Жин менен калганын туура эле деп эсептейм. Анткени Жин Ачини кызганып, аябай сүйөт. Ал келбети жана чечкиндүүлүгү менен да жакты. Ал эми Баби анчалык эрдикке бара алган жок.

Сапар Эркебаев, ырчы:
– Баары бир алгачкы сүйүү аруу болот эмеспи. Баби менен калса жакшы болмок. Экинчи бөлүгүндөгү Жин деген кыз жакпайт өзү. Ачинин Жинди тандашы экөөнүн мүнөзүндөгү окшоштуктарга байланыштуу болуш керек, менимче. Жин да эркектердей чечкиндүү, шар эмеспи.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
eliza_eliza
2012-08-20 11:52:38
Бул фильмдин эки бөлүгүн тең көрдүм. Менин оюмча, Ачи Баби менен калса жакшы болмок.Ачинин Жинди тандашы экөөнүн мүнөзүндөгү окшоштуктарга байланыштуу болуш керек, менимче. Жин да эркектердей чечкиндүү, шар эмеспи. Бирок, учунчу болугундо Ачи менен Бабини бирге болтуруп салса керемет болмокда...Сценарийдин авторлору "Рамон Салазар, Федерико Моччиа"
0
dia-omur
2012-08-20 12:20:07
mmm jakwy kino eken .bala da kyzda jakty oko ten .jinge karaganda babi tatyna
0
ZarinaSM
2012-08-20 22:39:29
Баби менен калса эн соонун болмок!))))бирок жин дагы жаман кыз эмес,акылдуу)
0
bais88
2012-08-20 23:23:26
3 серия чыгатта эми
0
ulukbekkg...
2012-08-21 00:27:40
жакшы тасма!!!!!!! бирок биринчиси лучше!!!!!
0
jaina
2012-08-21 13:08:20
Баби экинчисинде Ачини пайдаланып койду. Бирге болгондон кийин турмушка чыгып жатам деп. Жин менен калганы туура!!!
0
ice-suluu
2012-08-21 15:08:12
Эх Ачи Ачи,улыбка чего стоит,а тело,еще такой страсный,мммммм))))
0
erkekjojopepe
2012-08-22 08:40:33
kim menen kalsa dagi kino da..
0
akkuu
2012-09-03 13:48:20
Баби менен калса болмок,,,,, мен 3 да тартмакмын, бабинин боюнда кылып мына кызык ошондо болмок!!!
0
Mika5
2012-09-07 18:46:06
Кино жакшы тартылыптыр! Ачи Жин менен калганы сонун болду! А Баби убагында ката кетирген! Андайларды кечирбеш керек!
0
Talantchyngyz
2012-09-24 11:43:24
мага Катина жагат
0
asha302
2013-12-30 20:21:56
Жин жакшы кыз!
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан