Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова: «СҮЙСӨМ ДА АЧЫККА ЧЫГАРБАДЫМ...»

“Барам сага”, “Махабат”, “Түшүмдө” деген ырларды созолонткон Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова "жалгыз бой болгонум менен, аялзаты катары өзүмдү бактылуу сезем" дейт. Сыртынан сүрдүү көрүнгөн эжекебиз жашоодо өтө шайыр экен.

“ТИЛЕГИМ ИШКЕ АШТЫ”
– Бала кезден эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. 3-класстан тартып мектеп, райондогу ийримдерге катышчумун. Ал кезде индия кинолору популярдуу эмес беле, келсе тим эле сүйүнүп калар элем. Арык чапкан балдарга кыйшалаңдап, талдын башына чыгып, тоголонуп жыгылып жүрүп эле ырчы болуп кеттим окшойт (күлүп). Анан да ал кезде азыркыдай ар бир үйдө телевизор деген нерсе жок болчу. Бурулча Какишева, Эстебес Турсуналиев деген чоң артисттер концерт коюп келишчү. Кыр-кырдан "артисттер келди" деп кыйкырып, элди чакырышар эле. Өзгөчө ошондо ырчы аялдарды көрүп, мен да элдик ырчы болсом экен деп суктанчумун. "Жаштын тилегин берет" дешет, тилегим ишке ашып, окууну бүтөрүм менен Токтогул райондук элдик театры ачылып калды. Ошол жакта иштеп, аны менен катар кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Кийин 1994-жылы Жалал-Абад облусуна филармонияга жумушка кирип, азыркы кезге чейин ошол жерде иштеп келе жатам.

“ЫРЧЫЛЫК КАНЫБЫЗДА БАР”
– Учурда төрт баламды эрезеге жеткирип, жайгаштырдым. Улуу балам Марат көп ырчыларга аранжировка жасап жүрөт. Ал эми Гүлзат (Батырканова) болсо элдин кызы болуп, чыгармачылык менен кетти. Мурат деген уулум энергетик, кичүүм Кыял аскер кызматкери болсо да, ар кандай концерттерге катышып, ырдап калат. Балдарымдын кесиби башка болгону менен, баарынын канында ырчылык бар. Үй-бүлөбүз менен чогулуп калсак эле жарышып келиндерди өзүнчө, күйөө бала, неберелеримди өзүнчө топ кылып, байге коюп ырдатып калабыз. Эрте турмуш куруп, эрте бала-чакалуу болгондуктан, аларды да эрте үй-жай кылып берип, жайгаштырып салгам. Келин-күйөө балдар менен сый мамиледемин. Чакырса, сагынганда барып калам. Алар менен акыйнек айтышпайм, мындайча айтканда. Өзүнчө казан-аяктары кагышса кагышып жаткандыр, мен алардыкына кийлигишпейм.

“АТАМДЫН ИНИСИ КИНДИГИМДИ КЕСКЕН”
– Мага чейин апам жалаң уул төрөп, бири да токтобоптур. Боюнда болгон сайын кыз болсо экен деп тилешчү экен. Жети мазар, жети булакка барып сыйынып жүрүп мен боюнда болуптурмун. Мени төрөөр маалы келгенде төөканага асма таш чыракты алпарып, астын тазалап, саман жайып аябай даярданыптыр. Аны атамдын бир тууган иниси байкап калып, кайтарып жүрсө керек, апам төрөгөндөн кийин чуркап барып, сүйүнгөнүнөн шашып киндигимди кесе салыптыр. Эркек киши андай нерселерди жакшы билбейт да, кыска кесип койгон дешет. Ошентип, атамдын иниси "киндик энем" болуп, “Миң бир түн” деген жомоктогу акылдуу Шахрезада деген кыздын атынан акылдуу кыз болсун деп Шахра деп кыскартып коюшуптур.

“КЕДЕЙГЕ ТИЙСЕМ ЭКЕН ДЕП ТИЛЕЧҮМҮН”
– Жаштыгым Токтогулдун Үч-Терек айылында өттү. Илгерки үйлөр шыбак менен шыбалчу эле. Анда төөкана, уйкана, койкана деп бөлүнчү. 4-классымда чөп чабуу убагында мени атам атка мингизип, эки жагыма эки чаначты артып "чөп, жүгөрүнү ордуртуп кел" деп талаага жөнөтчү. Мен чоң кишидей болуп барып баарын чаптырып, жыйдырып келер элем. Азыр ойлосом апамдар мени ошондо аябай оокатка бышырышкан экен.
Таңкы саат 5те апам ойготор эле, "тур, садага болоюн, алтын кызым, күн чыкканы качан. Элдин баары ойгонуп, уйларын саап коюшту" деп. Мага кичинекей отургуч жасап берген эле, ойгонорум менен тыпыйып отуруп алып уй саачумун. Колумдун тарамыштары ооруп калар эле. Кээде отурган жеримден үргүлөп, тажап кеткенде чала-була саап салчумун. Уктап кетип сүттү жерге саап жиберген күндөрүм да болгон. Иши кылып мен анда эптеп ишти бүтүрүп, ойношум керек эле да.
Сүт тартуу менин милдетим болчу. Бир жолу сүт тартып отуруп көзүм илинип кеткен экен, үстүндөгү чарасына башым тийип кетип, сүт жерге төгүлүп калды. Эми апам урат деп бээни минип тоонун башына чыгып, бээ менен сүйлөшүп шолоктоп ыйлап жатам. Ошондо "Кудай таалам, мен кийин колунда эч нерсеси жок кедейге тийсем экен" деп тилеген элем. Ошентип ыйлап отуруп бээнин жибин колума байлаган бойдон уктап калыпмын. Атамдар мени кечке издеп, араң табышкан экен ошондо.
Үй-бүлөдө жалгыз иним бар эле. Аны кичинесинде жалгыз таштап кетишкен экен, эпкин тийип, ооруп жүрүп, акыры өтүп кетти. Үй-бүлөсү артында калды.

“АЯЛЗАТЫ КАТАРЫ ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗЕМ”
– Учурда өзүмдү аялзаты катары бактылуумун деп эсептейм. Маданият кызматкерине керек болгон сыйлуу наамдарды алдым. Эң жогоркусу болгон Кыргыз Республикасынын Эл артисти аталдым. Апа деп сыйлаган балдарым, таене дей турган неберелерим бар, филармонияда жакшы сыйлаган кесиптештерим бар.
Жалгыз турам, жашаган үйүм кызматым үчүн белекке берилген. Балдарымдын атасы менен жаш кезибизден эле чогуу жашабай калганбыз. Турмушта өйдө-ылдыйлар болот экен да, кеткенден кийин ал жаман эле деп сөздү көбөйткүм келбейт. 17 жашымда бири-бирибизди таанычубуз, мен ырдаганда ал аккордеон тартып берип турчу. Ошентип эле ала качып кетти. Жакшы күндөр да болду, туз насип эмес экен, кийин эки ажырым жолго түштүк. Ал өзүнчө үй-бүлө күтүп кетти. Мен балдарым менен калдым. Мурун көрүшкөндө таанымаксан болуп тескери карап басып кетчүбүз. Азыр эл катары учурашып коём. Өкүнүп жүргөн чыгар деп коём азыр. Анткени ата катары уул-келиндеринин кызматын көрүш керек эле. Эмнеси болсо да ал ичиндедир. Чынында, эгер турмушта болсом, мынчалык деңгээлге жетип, мынчалык сый көрмөк эмесмин. Айылда, күйөөмдүн үйүнөн эле чыкпай жүрмөкмүн да. Буга көзүм жетет. Азыр болсо кайсы жерге барбайын, аябай сыйлашат.
Ырчылардын аркасында ар кандай сөздөр боло берет экен, "тигиге тийип алыптыр, ойнош болуп алыптыр" дегендей. Андай ушак кептерге көңүл да бурбайм. Таанылбай тургандан көрө, чөп илешпесин деп коём. Экинчи жолу турмушка чыккан жокмун. Сүйсөм сүйүп, жактыруу сезимдерине кабылсам кабылгандырмын, бирок ачыкка чыгарган жокмун. Канткенде да балдарым бар, азыркыдай деңгээлимди сактап калайын деп өзүмдү кармадым...

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
operaledi
2012-08-20 11:11:10
Эженин ырлары эн уккулуктуу,мазмундуу жандуйном менен берилип угам. Ийгилик сизге!!!
0
Jamalym
2012-08-21 00:19:53
Келин-куйообалдарым менен акыйнек айтышпайм,казан-аягы кагышса кийлигишпейм дегени жакшы экен.Чыгармачылык ийгилик сизге.
0
AFRODITA-89
2012-08-21 15:23:42
Шахра эжеке сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! Бар болунуз!
0
ayildik_kiz
2012-08-22 12:03:37
Жайдары эжекебиз ар дайым сыйда эле болунуз
0
landysh
2012-08-23 04:00:11
bar bolunuz eje
0
kambardinova
2012-08-24 22:00:52
Эже азаматсыз!бар болунуз
0
nelli
2012-08-29 02:03:29
бар болунуз эжеке.
0
Kroxa
2012-08-30 14:13:38
кедейге тийсем деген тилегиниз жакты!ишинизге чон-чон ийгилик бар болунуз бай болунуз!!!!
0
Leili
2015-02-15 17:29:12
Аябай жакшы ырдайт эже мага жагат ботончо кыздын сыры деген ыры ото жакктты !Угудан эч тажабай атам!Шахра эже аябай сурду корунот экен!
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан