«Супер-Инфонун» салтына айланган «Супер сулуу» сынагынын 6-сезону старт алганы жарыялангандан тартып телефондун кулагы тынчыбай келет. «Мен да катышат элем» деген эле кыздар. Сынакты баштаардан алгач биз мурунку жеңүүчүлөр менен маектешип, алардын сынак тууралуу ойлорун уктук.
«СУПЕР СУЛУУ-2007»
АЙГЕРИМ КУБАНЫЧБЕК кызы
– Кепти сулууга көз арткан жигиттерден баштасак...
– Андайлар көп эле болот. Кызыгы, акыркы күндөрү мага казак жигиттери көп сөз айтып калышты. Аларда келбет десең келбет бар, красавчиктер. Бирок мен сырткы келбетке деле көп маани бербейм. Эң негизгиси, жигит ак көңүл болуп, мени сыйлап турса жетиштүү.
– Байкашымча, социалдык түйүндөрдө сага кызыккандар көп экен.
– Эки жыл болду, социалдык түйүндөргө киргениме. Ошондон бери, ишенсеңиз, 75 миңдей досум бар. Почтанын өзүнө эле келген суроо-талаптар 7000ден ашат. Мынча көп суроо-талапты убактым болсо эле кошпосом, дээрлик кошпойм деле.
– Эмнеден улам сага достошууга көп сунуштар түшөт?
– Көбү сүрөттөрүмдөн мени модель же ырчы деп ойлошот экен. Айрымдары "Супер сулуунун" жеңүүчүсү болосуңбу?» деп кызыгып калышат.
– Сулуулар сынагын жеңдиң, өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Сулуу дебесем да, жылдыздуу, жагымдуумун. Сыртың жылтырак, ичиң калтырак болгончо, ички дүйнөң менен сырткы келбетиң төп келишип турганы жакшы эмеспи.
ЧИНАРА КЕРИМКУЛОВА
– «Супер сулуу» сынагынан өзүң үчүн эмне алдың?
– Сынакты мен жашоомдогу чоң сыноо катары кабыл алгам. Сыноону жеңип, сынакты утуп алдым, демек, жашоомдо көп нерселерди жеңдим.
– Малайзиядан тышкары да чет өлкөгө чыгып каласыңбы?
– Ооба, саякаттан рахат алам. Германия, Франция, Италия, Малайзия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү кезип, жаңы жер, алардын эли, тарыхы менен таанышып жүрөм.
– Байлык сенин жашооңдо кандай ролду ээлейт?
– Биринчи ролду ээлебейт, адамдык сапатка карайм. Байлыктын көп болгону деле жаман. Жигитим деле жөнөкөй бала. Буюрса, жакында экөөбүз баш кошсокпу деген пландарды коюп жатабыз. Эгер байлыкка кызыксам, анда мага сөз айткан бай жигиттердин бирин эле тандамакмын.
БЕГАЙЫМ АЛИСОПИЕВА
– Бегайым, эмне жаңылыктарың бар?
– Быйыл окуумду аяктап, кызыл диплом алдым. Азыр ар кайсы жакка жумушка чакырып жатышат. Бирок азырынча карьера деген нерсени ойлонбой, жеке жашоомду түптөө менен алекмин.
– Сулуунун бактысына кайсы жигит жазылды экен?
– Менин бактыма чүйлүк жигит жазылган экен. Экөөбүз чогуу окуганбыз. Учурда сот тармагында иштейт. Көпкө сүйлөшүп жүрдүк. Жакында турмуш курганы турабыз.
– Сынактарга дагы катышып калсаң, колдойбу эми?
– Биринчиден, менин статусум азыр башка болуп калды. Сынактарга катышканга деле мурункудай каалоо жок. Азыр жумуштарга келген сунуштарды караштырып жүрөм. Буюрса, турмушка чыгып, жайгашкандан кийин иштейм го.
– "Супер сулуу" аталгандан кийин кандай сезимдер болду?
– Сынак бүткөндө ушундай бир укмуш жеңилдеп калдым дейсиз. Анткени сынак учурунда аябай чымырканып калган элем.
– Сынакка катышкан кыздар кандай сапатка ээ болушу керек?
– Катышкан адам чечкиндүү, ишеними күч болушу кажет. Анан сөзсүз сырткы келбети келишкен, өзүн татыктуу көрсөтүшү абзел.
– Аткарылбаган кыялдарың барбы?
– Кичинемде тарыхый кинолордо роль жараткым келчү. Башкы роль болбосо да, таасир калтыра тургандай болсо...
P.S. "Супер сулуу-2009" сынагынын дагы бир жеңүүчүсү Бакыт кызы Жамиля жана калган жеңүүчүлөр тууралуу кызыктарды кийинки сандан окуй аласыздар.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg