ЭКСТРЕМИСТТЕРДИН ТОРУНАН САК БОЛ!

Диний экстремизм – өлкө коопсуздугуна чоң коркунуч келтирүүчү актуалдуу маселе. Ал эми диндерге жана алардын ишмердигине урмат менен мамиле кылган Кыргызстан ар кандай диний-экстремисттик уюмдарды кызыктырып келет.

КЫРГЫЗСТАН ДИНИЙ УЮМ БОЮНЧА РЕКОРД КОЁБУ?
Кыргызстанда болжол менен 3 миңдей диний уюм, агым жана бирикмелер бар. Расмий түрдө 2200 диний бирикме жана уюм каттоодон өткөн. 2005-жылдан бери 8 диний уюм («Хизбут-Тахрир», «Өзбекстан ислам кыймылы», «Аль-Каида», «Талибан» кыймылы ж.б.) сот тарабынан террордук жана экстремисттик деп таанылган. Алардын ишмердүүлүгүнө республикабыздын аймагында тыюу салынганы менен алар дагы деле жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Алардын ичинен "Хизбут-Тахрир" абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчутуучу уюм деп эсептелинет. Мурун түштүк аймактарында гана болсо, учурда өлкөнүн түндүгүндө да таасирдүү.

«БИР ГАНА МАКСАТЫ БАР, АЛ – БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ»

УКМКнын терроризм менен күрөшүү башкы башкармалыгынын оперативдүү кызматкери менен ушул маселе тууралуу маек курдук. Өзүнүн аты жашыруун болушун каалаган кызматкер буларды билдирди.

– «Хизбут-Тахрир» алгач өткөн кылымдын 50-жылдарында саясий партия катары түзүлгөн. Бул динди жамынган экстремисттик уюм. Кыргызстанда болжол менен 5-6 миңдей мүчөсү бар. Борбор Азиядагы «Хизбут-Тахрир» уюму башка өлкөлөрдөгү «хизбутчулардан» олуттуу айырмаланып турат. Биздин аймактагысы көбүрөөк агрессивдүү, радикалдуу. Алардын бир гана максаты – күч менен саясий түзүлүштү оодарып, халифат түзүү. Программасы, ыкмалары жана формалары бир нече этаптан туруп, акыркы этабы – жихад же зордук менен бийликти басып алуу. Башка террордук уюмдар дароо эле аракетке өтүшсө, «хизбутчулар» алгачкы баскычында үгүттөө, жайылтуу ыкмаларын колдонушат. Сыртынан кадимки мусулмандардан айырмаланбайт, намаз окуйт, мечитке барат. Халифат түзөбүз дегенинен эле айырмалабаса, жөн адам айырмалай албай калат. Адамдар менен жекече иштешет, мечиттерге калбай барып, өз катарына жаңы гана динге кирип, мечиттерге бара баштагандарды кошууга аракет кылышат. Себеби алар ошол убакта дин боюнча кенен түшүнүгү жок болуп, кадимки мусулман менен «хизбутчулардын» айырмасын билбей калышы мүмкүн. Анан да алар 18-30 жаштагыларды тартышат. Себеби алар иштеп, акча таап, пайда алып келиши керек да. Акыркы убактарда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин өзүнө тартуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мүчөлөрүнөн чогулган акыдан сырткары аларга сырттан аз болсо да туруктуу акча которуулар болуп турат. Уюмдун лидерлери Ооганстандагы террордук уюмдар менен байланышта. Кээ бир мүчөлөрү бул уюмдан чыгып, «Өзбекстан ислам кыймылы» же «Ислам жихад союзу» эл аралык террордук уюмдарына кошулуп кетишкендиги тууралуу фактылар да бар.
«Хизбут-Тахрирдин» жүздөн ашуун сайты бар. Мындан сырткары "хизбутчулар" террордук уюмдардын сайттарына кирип, кат жазышып, сайт аркылуу кантип жардыргыч заттарды жасоонун инструкцияларын ала алышат. УКМК 2011-жылы 2 миңден ашуун мыйзамга каршы келген ар кандай адабияттарды, флешкаларды тартып алып, 30дан ашуун кылмыш ишин козгосо, 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 20дан ашуун кылмыш ишин козгогон. Жалаң эле үгүт жүргүзүүчү басылмалар, дисктер эле эмес, атуучу куралдар, ок-дарылар, жардыргыч заттар да табылып жатканы «хизбутчулардын» террордук ыкмага көбүрөөк жакын экенин билдирет. Кылмыш жана жаза кодексинин 299-беренеси өтө жеңил, биринчи жолу кармалгандар факт түрүндө жоопкерчиликтен кутулуп кетип, кайра эле ишмердигин улантышууда.

«ЗЫЯНЫН КӨРӨ ЭЛЕКМИН»

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Жоробай Шергазиев:

– Биз «хизбутчуларды» мусулман деп билебиз. Алардын негизги максаты – халифат түзүү. Аны диний уюм деп айтпайбыз, бул башка партиялар сыяктуу эле түзүлгөн саясий партия. Алардын саясатта өз көз караштары бар, алардын ислам мамлекетин курабыз, исламдын негизинде иш алып барабыз дегени эле динге тийиштүү. Партиянын көпчүлүк идеологиялары бизге анык эмес, ошондуктан туура же туура эмес иш жүргүзүп жатат деп айта албайбыз. Чыныгы мусулмандыкты карманабыз деген уюмдан же жамааттан эч качан коркунуч болбойт, себеби ислам «бирөөнү алдабагын, жамандык кылбагын» деген сыяктуу нерселерди үйрөтөт. Бирок исламды жамынып алып, ислам негиздеринен четтеп кетсе, анда коомчулукка зыян болот. «Хизбутчулар» тууралуу имиштерден гана угам, алардын бирөөнү өлтүргөнүн же бир жерди жардырганы тууралуу фактыларды уга элекмин. Ошондуктан көз менен көрбөгөндөн кийин алардын зыяндуу жактарын айта албайм. Алар таркатты деген китеп же башка басылмаларын да окуп көрбөптүрмүн. Эгер анда исламдан четтеген чакырыктар болсо, анда бул туура эмес. Диний башкармалык, мечиттеги имам-казылар сабак өткөндө, лекцияларда жана жума-кутбасында исламдын жалаң гана туура негиздерин, көз караштарын түшүндүрүп жатабыз, бул туура эмес пикирлер менен күрөшүү, алдын алуу.

Окурман, исламды жамынып арам ойлорун ишке ашырууну каалагандардын айырмасын билип, торуна түшүүдөн алыс бололу. Бул макаланы жарыялоодогу максатыбыз ушул гана.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
«Хизбут-Тахрир аль-Ислами» арабчадан которгондо «Исламдык боштондук партиясы» дегенди билдирет. 1953-жылы Чыгыш Иерусалимде жергиликтүү шарият сотунун судьясы Тахиуддин ан-Набхани тарабынан негизделген. Көптөгөн мамлекеттерде, анын ичинде Орто Азия өлкөлөрүндө жана Орусияда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» террордук уюм катары эсептелинет. Ошол эле убакта АКШда жана Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө азыркыга чейин «Хизбут-Тахрир» террорчулукту колдогон уюмдардын катарына киргизилген эмес. Ан-Набхани каза болгондон кийин 1977-жылы уюмду палестиналык Абдул Кадим Заллум жетектеп, ал каза болгондон кийин 2003-жылдан бери Ата Абу Рашта жетектеп келет.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Абайла! "Хизбут-Тахрир"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sheva
2012-08-25 12:01:35
ой,эмне бул жакта коментарий жок? :-)
0
bektursun2010
2012-08-26 19:12:58
кыргыздын создору буларга айыпта ичким жазбайт шого
0
pearle
2012-09-04 18:45:47
Кыргызстанды басып кетти го... окундурот... эч нерсени тушунбой кыз келиндер жамынып алат... жаш эле жигиттер сербейтиб сакал коюп алат... чындап ошол жакшынакай кыргыз жигиттерин коргондо конулум айнып кетет... капа болбогула. Аял заты канча жыл курошуп тен укуктуулукка курошуп аран жетсе, кайра биздикилер жакшынакааай болуп жамынып алышат. Жамынбай эле пейилинди ондо, дуйного болгон коз карашынды, элге болгон мамиленди мамиленди туздоб озун ак боло бер, созсуз жамынып чумконуп алыш керекпи???
0
naturalmuslim
2012-09-04 19:22:54
pearle, ayabay akylduu sezet okshoysun ozyndy,akylyn ozyno ele buyrusun oshol jamynbay etegin achyp jyrgondor kyrgyzdy uyat kylyp jatpayby!je janylyktardan kordynby bir jamyngandardan problema jaralganyn?azyr 21-kylym ar kim ozy bilet emne kiyiwti !
0
pearle
2012-09-04 18:51:27
3 жолу капкара жамынган аялды (мумкун эркек) кордум, журогум оозума капталып коркуп кеттим. Созсуз жамынып албай кофта юбка кийип ал узунураак, элден озгочолонбой. Кыска кийсен озун туз жакшы адам болсон болду да, Башкага жамандыгын жок болсо болду да!Жамынып кийингени мн ичинде кандай адам экени ким билет... Эхх.. кыскасы Чоон проблемалардын бири...
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан