Чет өлкөдө жүргөн кыргыз боордошторубуздун саны эми Кудайга шүгүр эле. Бизге редакцияга келип кеткен Альбина эже мигранттардын тагдыры тууралуу маек куруп берди. Бирок кеп ал эже тууралуу эмес, ал баяндап берген кыргыз кызынын тагдыры тууралуу.
«30 КИШИ БИР БӨЛМӨДӨ БОЛГОНДУКТАН, ЫМЫРКАЙДЫ ЖАКТЫРБАДЫК»
– Мен айта турган окуя 2008-жылы болгон. Ал кезде Москва шаарында иштечүмүн. Үч бөлмөлүү батирде 30дай адам жашачубуз. Бир күнү, жаңы жылга жакын батирдин кожойкеси колунда жаңы төрөлгөн ымыркайы бар бир кызды ээрчитип келди. Баарыбыз таң атпай ишке кетип, кечинде чарчап келебиз. Баланын ыйына ким чыдамак эле? «Бизге балалуу аялды киргизбеңиз» деп ызылдаганыбызга карабай жайгаштырып кетти. Колундагысы болпойгон эркек бала экен. Кичинекей болсо да мойнун буруп эки жакты карап, үн чыгарып, аябай чыйраак бала көрүндү. Келиндин аты Замира, Кара-Кулжа районунан экен (атын чын айттыбы, калп айттыбы, билбейм). Башында аны 2-3 кыз алып келип таштап кетишкен эле. Алар ошол боюнча келишпеди. «Ай, сен кетем деп айтпадың беле?» десем, «кеткенге акчам жок. Күйөөм келиши керек. Дагы бир аз күтө турайынчы» деп башын жерге салат. «Сенин күйөөң жок экени көрүнүп турат. Калп айтпа, бирөөдөн төрөп алдың. Биз акча чогултуп, салып жиберели» деп билетке акча чогулта баштадык. Баласы түнү менен ыйлап тынчтык бербегендиктен, экөөнү ашканага бөлүп койгонбуз. Күндүз го үйдө эч ким жок. Бирок кечинде баары келип тамак жасайт, жуунат, айтор, баласы менен кыйналып кетти. Ошондо биз менен иштеген жубайлар бар эле «балага убал болуп кетти, «отказ» жазып бер. Биз багып алалы» дешкен экен, тиги келин баласынын баасын 150 миң рублга бычыптыр. Тигилер «андай акча бере албайбыз» деп коюшкан го, айтор, айнып калыптыр. Кийин «баласын сатканга башка кардар издеп жатат» деп угуп, андан такыр түңүлүп калдым.
«КОЛУМДАН ТҮШҮП КЕТИП ЧАРЧАП КАЛДЫ»
– Ошол бала каза болгон күн 16-январь болчу. Жакшы санаалаш курбумдун үйүнөн суук кабар келип, акча чогултуп аны автобекеттен узатып келели деп 3-4өөбүз жөнөп кеттик. Аны узатып үйгө келсек, тиги келин ваннада баласын жуунтуп жатыптыр. Бала үн салып жакшынакай эле жүргөндөй туюлган. Негедир ошол саамда балага аябай серп сала караптырмын. Эмнеге анчалык караганымды азыркыга чейин түшүнбөйм. Ошентип жатып калдык. Эртең менен турсак эле «Замиранын баласы чарчап калыптыр» деп ызы-чуу түшүп калышты. Өзү болсо «баланы жуунтуп жатканымда колумдан түшүп кетти» деди. Колунан баланы жулуп алып карасак, башында эч кандай шишик же так жок. Эркектер «кардар таппай койгондон кийин өзү эле муунтуп өлтүрдү. Муну азыр биз өлтүрөбүз, сабап өлтүрөбүз» деп чыгышты. Андан мурунку түнү кыздардан «тиги баласын чоң адамды ургансып түнү менен дүкүлдөтүп уруп чыгат, өлтүрүп койбосун» деп жатышканын уккан элем.
«ЫМЫРКАЙ ҮЧҮН 10 АДАМ ИШИНЕН АЙРЫЛМАК»
– Айлабыз кетти. Милицияга кабар берели десек, ошол жердеги 30 адамдын 10унун документтери талапка жооп бербейт эле. Дароо эле айдап кетишери же депортация кылып жиберери айдан ачык. Чакырбайлы десек, колубузда өлүк бала. Эртең жооп берип калышыбыз мүмкүн. Арабыздагы бирөө чуркап барып мечитке сүйлөшсө, «өлдү деген маалымдама болбосо, мечиттин территориясына көмө албайбыз» дептир. Тиги жансыз баланы ороп, муздаткычтын үстүнө чыгарып койдук. Мен жанымдагы бир кызды ээрчитип алып Кыргызстандын элчилигине бардым. Кечке кезек күтүп отуруп кирип, Алмаз деген жигитке жагдайды түшүндүрүп, «жардам бере аласыңарбы?» десем, «жок, эже, милиция чакыргыла» деп жооп берди. Менин үйдө күтүп отургандарга «милиция чакыргыла деп жатат» дегенимди укканда эле тиги кыз баланы көтөрүп чыгып кеткен экен. Келип эле таппай калдык. Келгенде «токойго алып барып көмдүм» дептир. Кийин «таштандыга ташталган бала үчүн кыргыз кызы кармалды» деп угуп калдым. Ошол иш күнү бүгүнкүгө чейин алкымымда турат.
Бир жолу бир кыргыз жигит мага келди. «Эже, эмнеге кыргыз кыздары тажик, өзбек балдар менен болуп, өздөрүн видеого тарттырганга уруксат беришет? Алар бизге келип, «мына, силердин кыздарыңар укмуш, карагылачы» деп видеолорду таштап кетишет» деп аябай кейиди. Чын эле кыргыз кыздар көбүнчө тажик, өзбектер менен көңүл ачышат. Ал тургай кыргыз кыздарынан турган бордель бар имиш, тажик, өзбектер үчүн. Ал жерге кыргыз жигиттерин киргизишпейт экен. Көрсө, бирде болбосо бирде тааныш-билиши чыгып калат деген коркунучтан улам ушинтишет экен.
Ата-энелер, кызыңардын тагдырына кайдигер карабагылачы, сураныч. Жок дегенде ишенимдүү адамдар менен жөнөтсөңөр, мындай окуялар болбойт беле...
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg