Концертке келиңиз
– Саламатсызбы, Талант, сахнага көп чыкпай калдыңыз да...
– Бишкекте сахнага чыкпасам да, чыгармачылык менен Орусиянын жыйырмадан ашык шаарларын кыдырдым. Андан ары Кытайга барып, ал жактагы жердештерге да күлкү тартуулап келдим.
– Алар кандай кабыл алышты?
– Жакшы. Өзгөчө Кытайдагы кыргыздар күлкүгө суусап калышкан экен. Күлкүлөрү арзан экен деп калдым (күлүп).
– Сиз жакында концерт берем деп жатасыз, даярдыктарыңыз кандай?
– Эми алдын ала мактанбайм. Даярданып жатабыз болушунча. Көптөн бери Бишкекте концерт коё элекмин. Ошого билек түрүп катуу даярданып жүргөн кезим. Анан да кечеге орто муундун да, жаштардын да ырчыларын чакырдым. Буюрса, жакшы болот.
– Концертте кандай өзгөчөлүк күтсөк болот?
– Өзгөчөлүгү, жаңы саясатчыларды туурайм жана Талант жаш бала, кемпир, келин, кыз, айтор, ошол күнү күбө болосуздар.
– Ушундай таланттуу адамдын таланты уулдарынан да байкалса керек...
– Ооба, улуу балам Байтилек эки жашта. Кичине болсо да музыкага абдан жакын. Азыртадан байкалат. Кичүүм Элтуран бирге толду. Балким, чоңойгондо көрөбүз. Мендей куудул же ырчы болом десе, каршы эмесмин.
– Сизге чыгармачылык ийгилик. Концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз.
Алмагүл Турдалиева