Кыргыз сахнасынын балакайы Ильяз Абдыразаков 14-августта ата статусуна ээ болду. Ильяздын кубанычына шериктеш болуп, сезимдери менен бөлүштүк.
– Кандай, Ильяз? Бешик боо бек болсун!
– Рахмат.
– Ата болуу кандай экен?
– Айтып бүткүс бакытка балкып турган чагым. Билбейм, бир башкача эле сезимдерге оролуп жүрөм. Башында ишенбей, анан быйтыйган бутун кармап көргөндөн кийин ата болгонума ишенбедимби. Момундай эле буту бар экен (колу менен өлчөмүн көрсөтүп).
– Эне-баланын ден соолугу кандай?
– Азыр Кудайга шүгүр, жакшы. Кичине кыйналып калышты. Медина да, балам да мени бир топ коркутушту. Толгоосу эртең менен эле башталган. Кечинде саат 7де араң көз жарды. «Эми качан төрөлөт?» деп жатып көзүм да илинип кетиптир. Сүйүнчүлөшкөндө эмне кыларымды билбей эле калыптырмын.
– Бакыйган жылдыз «Умай энелерге» сүйүнчүнү да бакыйта берсе керек?
– Ырымын кылдык. Кийин да ыраазычылыгын кылам.
– Тун уулуңдун жылтыраган көзүн көргөндөн кийин дагы канча балалуу болоруңду пландап жиберсең керек?
– Жок, пландай элекмин. Анын үстүнө Медина аябай кыйналып калды. Андан да сураш керек, «канча бала төрөп бересиң?» деп.
– «Болду, төрөбөйм» десечи?
– Эми аны көрө жатарбыз.
– Эркек болот деп УЗИден билингенден кийин эле ат тандап койсоңор керек?
– Төрөлө элек балага ат тандабайт дегенинен ойлонгон да эмеспиз. Уулум мусулмандардын ыйык күнү – Кадыр түндө төрөлгөндүктөн, Розан деген ысым ыйгардык.
– Уулуңа кийим-кечек алып жатасың...
– Аны Медина мурда эле даярдап койгон. Биринчи жолу быйтыйган кийимдерди алып келгенде көрүп алып эле ичим эзилген.
– Маегиңе рахмат. Уулуң аман-эсен, акылдуу жигит болуп чоңойсун.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg