«Чыгыш базары-2012» фестивалына Кыргызстандан «Аппагым», «Соң көл», «Саймачы кыз» аттуу элдик ырларды аткарып жүргөн Азамат Сарыбаев катышууга жолдомо алды. Фестиваль Крымдын Ялта шаарында 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин өтмөкчү. Эскерте кетсек, былтыр «Чыгыш базарына» Кыргызстандын атынан Бек Исраилов катышкан. 27 мамлекет катышкан фестивалдын баш байгесине 5000 доллар бөлүнгөн. Эмне демекчибиз, Азамат, намыска жарап, туубузду бийик көтөр.