Ырчы Эльмурат бекеринен ысымына KG`ни кошпоптур. Дегенибиз, ырчы Тыва Республикасынын Кызыл шаарында болуп өткөн, 24 мамлекет катышкан эл аралык сынакта Тото Кутуньонун «Итальяносун» жана кыргызча дагы бир чыгарманы аткарып, «Үмүт» наамына, 5000 рубль акчалай сыйлыкка ээ болду. 10-августта башталган сынак 12-августта жыйынтыкталды. Учурда Эльмурат ийгилигин жууп бүтө албай жүрөт.