2-августтан 10-августка чейин Ысык-Көлгө сапар тарткан элдин агымы көбөйдү. Анткени Атай көлдүн жээгине чет жерлик атактуу ырчы-бийчилер: Дэн Бэлан, Krec, Рэй Хортон («Na-Na»), Les Twins, Mr. Fantastic жана жергиликтүү эстрада ырчыларын чогултуп, «Мен бийчи» фестивалын өткөрдү. Фестивалга коюлган байгелүү беш орундун экөөсүн Казакстан өлкөсү илип кетсе, кыргызстандыктар 1-орунду (брейк-данс, поппинг, локинг жанры боюнча) багындыра алышты. Ошондой эле мекендешибиз Алияр Мурзалиев жана казакстандык бийчи айым Германияда өтө турган «Funky Style`s» эл аралык фестивалына жолдомо алышты.
Атайдын бул жолку иш-чарасы мурункуга караганда бир топко кыйынчылыктар менен өткөнү айтылууда. Себеби Дэн Бэландын 10 кишиден турган командасы учакка кечигип калышкандыктан, Атай кайра билет алып берүүгө мажбур болуптур.