Ырчы Гүлзада Рыскулова Каныкейдин мурдагы продюсери Мамасадык Багышев менен иштеше баштагандан тарта имиджин өзгөртүп, экөө жакшы иштерди башташты эле. Аз өтпөй эле ырчы менен продюсер иштешпей калганы тууралуу кабар жайылды. Мунун чын-бышыгын билүү максатында экөөнө байланышсак, Гүлзада айым продюсери менен кагаз түрүндө келишим түзбөй, жөн гана бири-бирине жардам көрсөтүп иштеп жатышканын айтты. Ал эми Мамасадык Багышев «бул жөн эле ушак сөздөр» дейт. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дечү беле, ай, ким билет?..