Жантөрө Сатыбалдиев, КРнын Президенттик аппаратынын жетекчиси: «МЕН КЫЗМАТТЫ ЭМЕС, КЫЗМАТ МЕНИ ӨЗҮ ТААП ЖҮРӨТ»

«Өкмөт отставкага кетет» деген кеп тарагандан бери эле «азыркы премьердин ордуна Жантөрө Сатыбалдиев келет» деген жоромолдор чыгып, күн өткөн сайын ынанымдуу айтыла баштады. Чын болушу мүмкүнбү? Аны Жантөрө мырзанын өзүнөн сурап билели.

– Жантөрө мырза, кээ бирөө эртең менен жумушка келгенде 1 чыны кофе ичип же катар-катар тамеки тартып алмайын иш баштабайт. Сиздин иш күнүңүз кантип башталат?
– Мурда кофе иччү элем, азыр ичпей калдым, тамеки да тартып көргөн эмесмин. Иш күнүм саат 9да башталат, келерим менен Кыргызстанда эмне окуялар болду деп, ар бир бөлүмдөн маалымат алып таанышып чыгам. Эгерде чукул бир иш болуп кетсе, министр, аким, губернаторлор менен сүйлөшүүлөр болот. Анан ал маалыматтар менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди тааныштырып, орчундуу маселе болсо, чечим кабыл алабыз. Күндө эле ушул жумуш. Мага чейин болуп келген, менден кийин деле боло берет, себеби мамлекеттик жумуш. Муну эч ким токтото албайт. Өлкөдөгү ар бир иш менин көзөмөлүмдө болуш керек. Билесиздер, бүгүн президент экономикага жооп бербейт. Бирок саясий кырдаалга, туруктуулукка, чек арада болуп жаткан окуяларга сөзсүз көзөмөлдүк кылып туруу – президенттин мага койгон тапшырмасы.

– Быйыл эс алганга убакыт таптыңызбы?
– Ооба, Ысык-Көлгө барып бир аптадай эс алып келдим, азыраак болуп калгансыды. Эс алуу жакшы нерсе да, кышында тоодо лыжа тээп, жайында сууга түшкөндү жактырам. Анан убактым көбүрөөк болгондо чоң теннис ойноп турам. Бирок ага азыркы кызматым мүмкүнчүлүк бербей жатат.

– Президент Алмазбек Атамбаев буга чейинки ажолор айтпай-дебей келген маселелерди көтөрүп, башка өлкөлөр менен тең ата мамиле курууга бел байлады. Ошол багытынан тайбай кетиши үчүн команда керек. Күчтүү команда бар деп ойлойсузбу, тегерегинде?
– Президентке жардамдаша турган күчтүү команда бар. Азыр Кыргызстан бардык мамлекеттерди сыйлайт, бирок өз кызыкчылыгын экинчи планга койбойт. Айталы, тоо-кен тармагы, Жогорку Нарын каскады, Камбар-Ата ГЭСтери, темир жол боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Демек, президенттин айланасында тышкы, ички саясатты алып бара турган толук болбосо да жетиштүү команда бар. Бирок команда дайыма толукталып, жаңыланып турушу керек. Футболдогудай эле, футболдо деле 11 оюнчунун бири чарчап калышы мүмкүн. Анын ордун алмаштырыш керек, жаңы идеялар болушу керек. Башкача айтканда, курам өзгөрүп, негизги багыт эч качан өзгөрбөшү зарыл. Президент 6 жылдын ичинде Кыргызстанды жаңы деңгээлге көтөрүп, Борбор Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга аракет кылып жатат.

– Мэр, губернатор, министр болуп, жалаң жогорку кызматтарда жүрдүңүз. Жеке жашоодо да ийгиликтерди ошончолук деңгээлде багынта алдыңызбы?
– Кудайга, мамлекетке ыраазычылык айтышым керек. 26 жашымдан баштап райондук деңгээлде иштеп баштагам. Мамлекеттик түзүлүштөгү бардык тепкичти басып өттүм. Кээ бирөөлөр айтып жүрбөйбү, «Акаевдин убагында иштеген, Бакиевдин убагында иштеген» деп. Мындай жол менен карасак, анда мени «Усубалиевдин кадры, Масалиевдин кадры» деп да күнөөлөш керек. Анткени Усубалиевдин тушунда облус жетекчиси, Масалиевдин тушунда министрдин орун басары болдум. Биз мындайды коюп, «ал адам эмне жумуш жасай алды?» дегенге үйрөнүшүбүз керек. Бийлик алмашкан сайын команданы өзгөртө бергенге болбойт. Анткени даяр кадрлар жок. Биз кландык экономикадан базар экономикасына өттүк, анын өз мыйзамдары бар. Мунун баарын университеттен үйрөнүп чыгуу мүмкүн эмес. Жаңы кадрлар менен иштөө керек.
Ал эми жеке жашоодо баарына жетише алдым деп ойлойм. Мыкты үй-бүлөм бар, 3 уул, 1 кыз, 6 неберелүүмүн. Үйдө сүйүктүү жарым бар, эртең менен жумушка узатып, кечинде тосуп алат. Сырымды айтар досторум, пикирлештерим, негизгиси, мен ишенген элим бар.

– Алдыда сиз баш ийдире турган бийиктиктерден премьерлик менен президенттик калды көрүнөт. Анын үстүнө «өкмөт отставкага кетет, кийинки өкмөт башчылыкка Жантөрө Сатыбалдиевди дайындап жатышат» деген кеп ишенимдүү айтыла баштады.
– Мындай божомолду эксперттер, ар кандай серепчилер айта бериши мүмкүн. Кээде алардын айткандары да туура чыгып калат. Бирок бул маселени парламент, анын ичинде коалициялык көпчүлүк чечет. Туура, өкмөт башчысына абдан катуу сын-пикирлер айтылып жатат, муну коомдо жашап туруп, «уккан жокпуз» десек болбой калат. Менин жеке пикирим боюнча, өкмөткө туруктуу иштегенге шарт түзүп бериш керек, өкмөт да ушуга жараша иш жүргүзсүн. «Өкмөт башчы болсом» деген оюм барбы же жокпу, бул менин ичимде эле калсын. Учуру келгенде айтам. Анын үстүнө бул кызматка деле жаңы эле келбедимби.

– Анан да сизди «кайсы бийлик болбосун чөкпөгөн» персоналардын катарына кошушат. Бул баары менен тил табыша билүү сапатыбы, бул бардарлыкпы же таза иштегендин далилиби?
– Мени «тил табышып алат» дегенден алысмын. Бардарчылык дагы эмес, менимче, басып өткөн жолум, иш тажрыйбам эске алынды го деп ойлойм. Бир да кызматты суранып алып иштеген адам эмесмин. Мактангандай болбоюн, мен кызматты эмес, кызмат мени өзү таап жүрөт. Кесибим боюнча куруучумун, жаш кезде өмүр бою эле куруучу болуп өтөм го дечүмүн. Кесипкөйлүктүн артынан ушул деңгээлге жеттим десем болот.

– Июнь окуяларынан кийин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын жетектедиңиз. Ошто ушул дирекциянын жетегинде салынган үйлөрдүн сапаты начар, түтүктөр жарылып жатканы боюнча арыздана башташты. Ишти эптеп бүтүрө салгандар жазасын алышабы?
– Ооба, өткөндө сыналгыдан бир үйдү көрсөттү. Эми анын үстүндөгү суу түтүгүн бирөө-жарым жаап койбосо, ачылган сууну карабай койсо бардык эле үй талкаланат да. Ар бир курулган үйдүн сапатына мамлекеттик дирекция, аны курган курулуш ишканасы, кабыл алган инженерлер жооп беришет. Кемчиликтери да болушу мүмкүн, анткени шашылыш салынды. Ал учурда үйсүз калгандарды эртерээк үй менен камсыздаш керек болгон. Ар бир имараттын кепилдик мөөнөтү бүткүчө курулуш ишканасы керт башы менен жооп берет.

– Өкмөт калктын капчыгын көзөмөлгө алган жатат, мындай чечимге көз карашыңыз?
– Карапайым элдин акчасын көзөмөлдөөнүн кереги жок. Эл өз турмушун өзү кылып келе жатат. Аткаминерлерди текшерип, чыгаша- кирешесин декларация аркылуу көзөмөлгө алуу керек, буга толук кошулам.

– Айрым гезиттер «Президенттик аппаратты Жантөрө Сатыбалдиев эмес, Алмазбек Атамбаевдин мурунку айдоочусу башкарат» деген кепти кайра-кайра жазып, элди ишендирүүгө аракет жасашууда...
– Бул ушак кептердин бири да. Ушунча тажрыйбам бар туруп, менин ишимди башка бирөө башкарат дегенге мен караманча каршымын. Бул менин аброюма шек келтирүүнү каалаган бирөөнүн жомогу. Ошол эле ушактан башканы жазбаган гезиттер айтып жатпайбы, «Сатыбалдиевсиз аппаратта бир да маселе чечилбейт. Бул «серый кардинал» деп. Бул - жоопкерсиздик. Ооба, сөз эркиндиги болуш керек, бирок ар бир жазган нерсесине жазган киши жооп бериши кажет. Антпесе ал гезитти ушактын артынан куугандардан башка эч ким окубай калат.

– Сиз төрагалык кылган комиссия 80дей депутатка, бир катар мамкызматкерлерге жогорку мартабалуу чин берүү тууралуу документ даярдаганы маалым болду. Тизмедеги айрым депутаттарга карата «буларды былык иштери үчүн жоопко тарта албай жатса, чин бергени кандай?» деген сындар айтылууда. Депутаттардын таасиринен улам ушундай документ даярдалдыбы?
– Бул мурунтан иштеп келген комиссия болчу. Жоболору да мурун жазылгандыктан, кайрадан иштеп чыгыш керек экен. Коомчулукта катуу сынга алынып кетип, биз бул маселени токтоттук. Сын-пикирлерди эске алып, комиссия ушундай чечимге келди. Менимче, бул жерде коом өз ролун аткара алды.

– Орозо кармадыңызбы быйыл?
– Жок, кармаганга мүмкүнчүлүк болбоду, бирок альхамдулилла, мусулманмын деп жүрөм. Колумдан келген мусулманчылыктын жоболорун кармоого аракет кылам.

– Буга чейин кармап көрдүңүз беле?
– Бир жолу кармап көргөм, анда кыш болчу. Кармаса болчудай эле, бирок анда да аягына чыга алган эмесмин, Кудайдан кечирим сурагам.

– Менчик унааңыздын үлгүсү?
– Тойота Ланд Крузер, 2005-жылы чыгарылган. Жамгыр жаап жатканда узак жолго унаа айдаганды жактырам. Жогорку ыдамдыкты сүйүүчүлөрдөн эмесмин. Орточо ылдамдыкта жүрөм.

– Ишке ашпай келе жаткан пландарыңыз барбы?
– Студент семестр башталганда кыйналып, анан өзүнө-өзү сөз берет го, «кийинки семестр башталган күндөн тартып жакшы окуйм» деп. Бирок кийинки семестрге деле ошол бойдон барат.
Мен да ошондой студентке окшоп өзүмө сөз берип алып, ишке ашыра албай жүрөм. «Бирөөлөргө капа болбойм, таарынбайм, сын айтса терикпейм» деген убада болчу.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жантөрө Сатыбалдиев: "Мен кызматты эмес, кызмат мени өзү таап жүрөт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nursultan.m.n
2012-08-20 14:21:37
Алга!Жантөрө Сатыбалдиевич!
0
Rake
2012-08-24 17:44:58
Азамат Жанторо. Жок дегенде эсинерге келип, генералдык чинди (госсоветникти) иттин уулу байгарага деле берип коелу дегенинерди токтотупсунар. Бирок дайым кызмат мени озу табат дегенин жон эле мактанычтык. Ошто губернатор, Бишкек-Ош жолунун курулушун башкарганда, минтранс ж.б. жумуштарда элдин акчасын жакщы эле уурдаган болсон керек, ошол акчана сатып аласын да кызматты. Кыргызстанда уборщицанын жумушун дагы майламайын ала албай турганын сен эле билбей калбасан калп эле анткорлонуп, эл билет.
0
moskva
2012-08-24 20:30:04
Абдан уважаю вас....
0
merim
2012-08-25 03:53:09
АБдан сонун маек куруп бериптир,бар болунуз!
0
Boss77
2012-08-25 21:24:33
Студент семестр башталганда
кыйналып, анан өзүнө-өзү сөз
берет го, «кийинки семестр
башталган күндөн тартып жакшы
окуйм» деп. Бирок кийинки
семестрге деле ошол бойдон
барат. Ушул фраза жакты башымдан отконда ошого
0
Taalaibek.
2012-08-26 23:17:24
Жок, Жантөрө Сатыбалдиевич орозо кармаганга мүмкүнчүлүк ар дайым болот. Жон эл шылтоонузду койунузчу, "жок, кармаганга мүмкүнчүлүк болбоду" деп.
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан