Бир бүркүм... 20-АВГУСТ – ДЕМ АЛЫШ...

  • Башкы прокуратура ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев акталбагандыгын, козголгон кылмыш иши тергөөдө экенин билдирди.
  • Ош шаарынын тургундарын шаар башчылыгы таза сууну үнөмдөөгө чакырууда. Бакчаларын таза суу менен сугаргандардан улам көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарына суу чыкпай калып жатат.
  • Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Чокан Валихановдун ысымы, ал эми Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылат.
  • АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстанга октябрь айынын аягында келмекчи болду.
  • Кыргызстандык аялдар төрөп, бирок баш тартып койгон 6 наристе Москвадан Кыргызстанга алынып келинди.
  • Вице-спикер Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү» деген аталышта кыймыл түзгөнүн, ал саясий максатта эмес экенин маалымдады.
  • Орозо айт майрамы 19-август, дем алыш күнүнө туура келгендигине байланыштуу 20-август республикабызда дем алыш күнү болуп жарыяланды.
  • Башкы прокурордун машинасын дөңгөлөккө атып токтоткон милициянын 3 кызматкерине кылмыш иши козголду.
  • Өкмөт жарандардын чыгашаларын көзөмөлдөө жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан