Жогорку Сот Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына бошотуу чечимин чыгарды. «Бишкек шаары үчүн кытай автобустарын сатып алууда коррупцияга жол берип, 1 миллион 400 миң долларды кымырып алган» деп шектелип кармалган эл өкүлү УКМКнын камагында эле. Жактоочусу Султан Баратов эл өкүлүн үй абагына чыгаруу өтүнүчү менен алгач Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, терс жооп алган. Биринчи Май райондук сотунун тергөө бүткүчө Түлеевди УКМКнын абагында калтыруу чечимин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Эми Жогорку Сот аны үй абагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бирок Түлеев УКМКнын абагынан чыгарылган жок. Эртеси, 16-августта Башкы прокуратура тарабынан депутатка «Коррупция» кинеси менен дагы бир кылмыш иши ачылды. Депутаттын жактоочусу Султан Баратовдун айтымында, Түлеевдин ден соолугу начар. Ал Мюнхенге (Германия) барып, рак илдетин аныктоо боюнча текшерүүдөн өтүшү керек.
«Акыркы кезде кыргыз саясатчылары менен чиновниктеринин арасында ушул залалдуу илдетке чалдыккандар көп болуп жатабы?» деген суроо туулат. Мисалы, Мурат Суталинов... Же бул оор илдетке жамынып качып кетүүнүн амалыбы?