Түркияда барымтага алынган кыргызстандык кыз үчүн кылмышкерлер 6000 доллар акча талап кылып жатышыптыр. Тактап айтсак, 31-июль күнү Кыргызстандын ТИМине Индира Эрмекбекованын жакындары арыз менен кайрылышкан. Алар 19 жаштагы кызы Индираны белгисиз бирөөлөр Түркиянын Анкара шаарына уурдап кетип, 6000 доллар беришсе гана кызын мекенине кайтарарын айтышкандыгын билдиришкен.
Жарым айдан ашуун убакыт өтсө да, Индира табыла элек. Учурда Түркиянын ИИМинин Анкара шаардык коопсуздук башкармалыгы мекендешибизди издөөдө. Бул иш боюнча азырынча көңүл жубатарлык жаңылык жок.