Кыргызстанды «Өкмөт кетсин!» деген ураандардын жаңы толкуну каптаганда «Ата Журт» партиясынын үн чыгарбай дымып турганы таң каларлык. Негизи, Камчыбек Ташиев баш болгон «ата журтчулар» буга чейин «өкмөт ишеничти актабады, отставкага кетсин» деп баарынан катуу кыйкырып келишпеди беле? Анан Бишкекте мына ушундай «ысык оюндар» жүрүп жаткан маалда Камчыкенин маалымат агенттиктердин бирине «жайлоодо жүрөм, фракцияларда эмне иштер болуп жатканынан кабарым жок. Эки күндөн соң барам, ошондо пикиримди билдирем» дегени коомчулукту таң калтырды. Эртеси ойлонду белем же кырдаал менен таанышып чыгып жаза басканын байкадыбы, Ташиев «Ата Журт» өкмөттү сындаган позициясынан кайтпайт. Бирок мен лидер катары эмес, биринчи кезекте эркек катары да «жыгылганды чаппайт» деген принципти карманам» деди. «Ата журтчулардын» башкалары да дым-дым. Мындай позициясынан улам «булар эки жактан канчага бааланган сунуштар түшөт деп күтүп жатышабы?» деген күдүк ойлор жаралат экен.