АРГЫМАК-ГЕЙТ

КҮЛҮКТӨН ЧЫККАН ЧЫР
«Ата Мекен» фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча жыйынды 13-август күнү өткөрдү. Журналисттерди «Өкмөткө каршы дагы кандай айыптар, нааразычылыктар айтылат? Балким, компроматтар бар...» деген ойлор курчап турган. Күтүлгөндөй эле «Ата Мекен» премьерге карата буга чейин айтыла элек компроматты көтөрүп чыкты. «Бабанов түркиялык ишкер Хункар Адалиден кымбат баадагы асыл тукум аргымакты белекке алган. Аталган ишкерге тиешелүү «Серка» компаниясы Эл аралык «Манас» аэропортунда аэронавигациялык мунара курууда. Жогоруда сөз болгон аргымак Бабановго жөн эле белек катары эмес, ошол мунараны куруу укугун алууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык иретинде келди»,- дешет «ата мекенчилер».
«Аталган асыл тукум аргымак Бишкекке үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде алынып келинген. Аны жөнөтүүчү да, «Манас» аэропортунан кабыл алуучу да Хункар Адали болгон. Бул аргымак 500 миң доллардан 1 миллион 300 миң долларга чейин бааланат. Анткени ал 10 миллион доллардан 17 миллион долларга чейин бааланып сатылып келинген асыл тукум аргымактардын тукуму. Кыргызстанга келгенден көп өтпөй эле ал ат чабыштардын биринде байгелүү орунду алды. Учурда Чолпон-Атадагы ат сарайда багылууда. Ат багуучу күлүк Өмүрбек Бабановдуку экенин билдирген»,- дейт депутат Жоомарт Сапарбаев.
«Ата Мекен» фракциясы бул жыйынында өкмөт башчысына каршы кылмыш ишин козгоо жана анын өлкөдөн качып кетпеши үчүн аракеттерди көрүү тапшырмасын УКМКга тапшырды.
«Ата мекенчилерге» удаа эле «Ар-намыс» фракциясы да чогулуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдоп чечим чыгарды.

«КЕЛИШИМ – ЖАСАЛМА»
Мындай олуттуу айыптоого өкмөт башчынын маалымат кызматынын башчысы Султан Каназаров жооп узатты. Өмүрбек Бабанов ал аргымакты белекке эмес, сатып алганын, сатуу-сатып алуу боюнча келишим бар экенин билдирет ал. «Күлүктүн баасы өтө эле апыртылып бааланган. Андыктан Өмүрбек Текебаевге пайдалуу сунуш киргизебиз. Аргымакты Бабановдон 20 миң долларга сатып алсын да, өздөрү көрсөтүп жаткандай кымбат баага сатып көрсүн»,- дейт Султан мырза.
Өмүрбек Текебаев премьер тараптан түшкөн мындай сунушту кабыл аларын, бирок сатуу-сатып алуу боюнча келишимди көрсөтүүнү, эгер келишимдин жасалма эмес, мыйзамдуу түрдө экени далилденсе, асыл тукум аргымакты сатып алууга даяр экенин билдирген. Көп өтпөй ал келишимдин жасалма экенин жарыялады. «Келишимге 11-май күнү эки тараптын колу коюлуптур. Ал эми Чек ара кызматынын расмий билдирүүсү боюнча, Хункар Адали ал маалда Кыргызстандын аймагында болгон эмес»,- деди Текебаев.
Өмүрбек Бабанов түрк ишкери Хункар Адали жылкыларга абдан кызыга турганын, анын ат чабыштарга салынуучу 230 аргымагы бар экенин, аталган аргымакты сатып алганын айтат. «Кыргыздар илгертеден ат чаап келишкен. Мен аларды жакшы көрөм. Менин оюмча, премьер-министр казинодо жүргүчө ат чабыш спортун өнүктүргөнү жакшы эмеспи?»- деп суроо салды Өмүрбек Бабанов.

«РЕСПУБЛИКАЧЫЛАР» ЭМНЕ ДЕШЕТ?
15-августта өткөн жыйынында «Республика» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов: «Кымбат баалуу атты сатып алдыбы, белекке алдыбы, анын эмне жаманчылыгы бар? Манас атабызга деле Тайбуурулду тартуу кылышкан.
4 фракция бекиткен бул өкмөт Бабановдун же бир фракциянын өкмөтү эмес. Министрлерди бекитип бергенибизден кийин алардан да талап кылышыбыз керек. Укук коргоо органдарына коюлуп жаткан айыптарды иликтеп, 1-сентябрга чейин парламентке маалымат берүүсүн сунуштайбыз»,- деди.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mangyt76
2012-08-21 00:30:29
ушул биздин депутаткачан тынчыйт жазда митинг,жайда жамандамай,кузундо дагы митинг кылып тойгозушту го
0
guljigit90
2012-08-21 03:44:41
депутат сооройлор иштеп жаткан адамды жон койбойсунарбы эми кетсин кетсин деп сайрай бербей. силер келсенер деле ушул болот окмотко
0
asdf
2012-08-23 09:35:47
Элибиздин жашоо шарты начарлап баратат.баардыгы кымбат,мамлекеттик казанада акча аз тышкы карызыбыз чачтан коп,анан бул чиновниктерибиз суйлосо эле миллион доллардан башташат.Деги ал акчалар кайдан келген акчалар яяя Адил Б
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан