ПЛАНЕТАДАГЫ АДАМДАРДЫН ЖАЛПЫ САЛМАГЫ – 287 МИЛЛИОН ТОННА

Лондондогу илимпоздор Жер шарындагы адамдардын салмагын «тартып көрүштү». Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянсак, планетадагы адамдардын жалпы салмагы 287 миллион тоннаны түзөт. Мунун 15 миллиону ашыкча салмактагыларга туура келет. 3,5 миллион тоннасы болсо семиздиктен азап чеккендерге таандык экен.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2005-жылы берген маалыматы боюнча, орточо эсеп менен 1 чоң адам 62 килограммды түзсө, бул көрсөткүч АКШда 80 килограммга чукулдайт. Буга далил катары АКШда семиздиктен келип чыгуучу кант диабети жана жүрөк оорулары көп экендигин айтсак болот.
Оор салмактагы алдыңкы ондукка Кувейт, Хорватия, Катар кирет. Бул өлкөлөрдө машина көп болуп, адамдар аз кыймылдай тургандыгы менен түшүндүрүлөт.
Эң арыктар Вьетнамда, Эфиопияда, Эритреяда жашашат.
Түндүк Америкада чоң адамдын орточо салмагы 80,7 килограммды түзсө, Азияда 57,7ни түзөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
muslima92
2012-08-25 16:55:42
oy toobo
-1
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан