ИРИНА ШЕЙК ОРУСЧА БЕРҮҮ АЛПАРАТ

Белгилүү орус музыкалык каналдарынын бириндеги «Топ-модель по русски» берүүсүнөн Ксения Собчак кеткенден кийин каналдын жетекчилери ордуна дүйнөлүк деңгээлдеги моделдер Наталья Водянова, Ирина Шейк жана Анна Вялицинанын талапкерлигин карап жатышкан. Тараза ташы Ирина Шейктин пайдасына ооп, эми аталган берүүнү модель алпармай болду.
Эске салсак, Ирина Орусиянын Челябинск облусунда жарыкка келген. Моделдик карьерасын 2004-жылы «Супермодель» сынагын жеңгенден кийин баштаган. Бүгүнкү күндө Шейк дүйнөдө эң көп акча төлөнгөн моделдердин тизмесинде. Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү катары белгилүү. Жакында бул сулуунун алпаруучулук дареметин сынап калат экенбиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dani88
2012-08-22 21:09:22
белгилуу фудболистерди орус кыздар илип кетип жатышат го кыйын экенсинер!
0
Kg_boy3239
2012-08-25 13:42:38
дани88 туура айтасын:)
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан