МАКОЛЕЙ КАЛКИНДИН 6 АЙЛЫК ГАНА ӨМҮРҮ КАЛДЫБЫ?

«Айтылуу «Үйдө жалгыз» тасмасындагы кичинекей Кевин аттуу каармандын ролунан улам таанымал болгон 32 жаштагы актёр Маколей Калкиндин жарым жылдык гана өмүрү калды» деп тынчсызданышууда.
«National Enquirer» журналынын билдирүүсүндө, баңгизатынан көз каранды Маколей акыркы бир жарым жылда тынымсыз героин жана ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонуп келген. Мындай жоругунан улам актёрдун чөйрөсүндө күмөн жаратчу адамдар пайда болуп, анын Манхеттендеги батири баңгилердин уясына айланган. Ошондой эле Калкин баңгизатка айына 6 миң доллар сарптап, дарттан айыгууга кымындай каалоосу жок экенин жазышкан.
Актёрдун досторунун бири буга кабатырланып: «Маколей мындан бир нече ай мурун баңгизатты өлчөмүнөн ашыкча колдонуп алганы үчүн бир өлүмдөн аман калды. Ал героин, перкосет жана викодин колдонот. Анын жүрөгү мындай оор жүктү көтөрө албай калабы деп коркуудабыз. Дарыгерлер эгер күчтүү режимде дарыланбаса 6 айдын ичинде каза болуп калары мүмкүн экенин айтып жатышат»,- дейт.
Учурда актёр 170 сантиметр бою менен 47 килограмм салмакта. Анын түнт жашоо образы да жогорудагы күмөн туудурган суроолордун чындыкка жакындыгын далилдейт. Калкин акыркы жылдарда баңгизаттын айынан көз жумган Уитни Хьюстон, Эми Уайнхаустун тагдырын кайталабайт дей туралы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
melashka
2012-08-20 17:14:07
ошончо атактуу таланттуу жыргап жашап журушпойбу акча десе акчасы эмне десе баары бар аттин,менде болгондо ошол нерселер башкача жол тутар элем жашоого бир келесин ээээээ
0
Melis-Aruuke
2012-08-20 18:39:19
Жаль
0
ayildik_kiz
2012-08-20 23:43:32
Бул нерсеге анын эрте кундо жылдыз болушу себеп болду,тагдырынан корот эми
0
aliia
2012-08-21 04:30:04
iiiiyyyyy... soz jok
0
nazi25
2012-08-21 08:20:08
Батышты ээрчисек,кыргыздар да ушундайга барат акырындык менен.
0
tatakozy
2012-08-22 15:18:02
Мила кунис таштап кетип ушуга кабылды.
0
Jurnalist.kg
2012-08-22 18:34:08
Мына биз суктанган Американын элдери!
0
Dani88
2012-08-22 20:45:01
Эээээ акчанын айынан ушундай акыбалга барып жатышат да.Эми алты айлык омуру калыптыр.....
0
sumaia09
2012-08-22 22:32:29
дааа
0
landysh
2012-08-23 04:16:04
kandai gana okunu4tuu
0
Aman_Mansurov
2012-08-24 19:42:12
Жон эле жыргап жашап журо бербейби.
0
Kg_boy3239
2012-08-25 13:40:33
окунучтууууууууууу...............
0
natu
2012-08-29 23:38:23
убагында эн жаш миллионер болчу
0
bemaKG90
2013-10-20 21:09:18
justin bieber dele ushundai bolot bolush kerek
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан