Лондондогу Олимпиада оюндарында алтын медалды америкалык Серена Уильямска тарттырып жиберген теннисчи Мария Шарапова жеңилүүдөн да чоң трагедияны башынан кечирип жаткан учуру. Анын тарткан ызасы ушунчалык күчтүү болдубу, айтор, 10-ноябрда боло турган үйлөнүү тоюн токтотту. Көпчүлүк Мариянын жеңилүүсүн анын акыркы жылдардагы жарнамалык роликтерге тартылууга алаксыганы менен байланыштырып келишет. Бирок ал спорт анын карьерасында эң башкылардан экенин айтып жүрөт. 2011-жылы Шарапова жарнамалык келишимдерден эле 26 миллион доллар тапкан. Эске салсак, басылмалар маалымдагандай, Мариянын тою 2012-жылдын 10-ноябрында Түркияда өтмөк. Бирок ал Олимпиада оюндарынан кийин «бул кептер жөн гана ушак» деп билдирди. Тилекке каршы, жакынкы аралыкта Шарапованы үлпөт көйнөкчөн көрбөйт окшойбуз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
antivir
2012-08-23 11:52:15
турмушка чыгабы же тушобу чын журоктон баары бир
0
Kg_boy3239
2012-08-25 13:37:17
тушунуп турам........журоко аябай катту тийди да
0
strangergirl
2012-08-27 08:23:40
Тушуном, менин да башымдан откон, ушундай ушактар
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.