АЧ КӨЗДҮГҮНӨН АЧКА КАЛГАН МАМАЛАКТАР

Жомоктор казынасынан

Илгери-илгери токойдо аюу эки баласы менен жашачу. Мамалактар чоңойгондо бакыт издеп алыска кетүүнү чечип, апасынын батасын алып жолго чыгышыптыр. Тоо ашып, суу кечип, күнү-түнү басышат. Алдары кетип, курсактары ачат. Болбой эле кете беришкен экен. Бир күнү кичинекей сыр таап алышат. Бөлүп жейли деп, бирок ач көздүктөрүнөн улам бири-бирине ишенбей, тең бөлө албай коюшат. Аңгыча Түлкү пайда болот.
– Эмне талашып жатасыңар?
Тигилер көйгөйлөрүн айтышат. Анда Түлкү:
– Келгиле, мен бөлүп берейин.
– Жакшы болот,- дешти мамалактар бир ооздон.
Түлкү сырды алып экиге бөлсө, бири чоң бөлүнүп калат.
– Бирөө чоң болуп калды,- дешти мамалактар. Түлкү болсо:
– Теңеп коём азыр,- деп чоң сырдын учунан тиштеп жеп коёт. Чоң кесим эми тигинден кичине болуп калды. Мамалактар чырылдай башташты, “тиги чоң болуп калды” деп.
– Мен өз ишимди билем,- деди Түлкү. Анан тиги бөлүгүн тиштеди. Эми кичинекей делген бөлүгү тиги бөлүгүнөн чоң болуп калды.
– Эми кичинеден тиштесем, тең болот. Түлкү ошентип ишин уланта берди. Мамалактар шилекейлерин агызып карап турушту. Сыр барган сайын кичирейип жатты. Бир топ “убара” болгон соң теңеп, экөөнүн колдоруна карматты. Бирок анда бир тиштемден гана сыр калган.
Түлкү капыстан туш болгон олжого маашырланган бойдон жолуна түштү. Ал эми мамалактар ач көздүктөрүнүн айынан ачка калып, үлдүрөгөн боюнча жолдорун улашкан экен.

Максат Кудайбердиев
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан