21-август күнү Нарын облустук телекөрсөтүүнүн алгачкы эфири обого чыгып, теңир-тоолуктар көптөн күткөн телеканалын өз телевизорлорунан көрө башташты. “Нарын облустук телекөрсөтүүсү алгачкы жолу 1993-жылы КТРдин эфири аркылуу чыккан. Кыргызстандын бардык дубандары сыяктуу эле күндүзгү саат ондон он бирге чейин убакыт берилчү. Бирок бул мезгил аралыгында көпчүлүк иште болуп калганына байланыштуу облустук телекөрсөтүүлөрдүн аудиториясы да чакан эле. Минтип жаңы бийлик келери менен ар бир облустук телерадио компанияларына 10 миллион сомдун тегерегинде бирдей каражат каралып, техникалык жабдуулар сатылып алынды. Алардын катарында Нарын облустук телеканалы да өз жыштыгында ишин баштап отурат”,- дейт Нарын облустук телерадио көрсөтүүсүнүн башкы директору Бейшенбек Калыков.
Алгачкы бет ачар эфирине өкмөттүн өкүлү Канатбек Муратбеков катышып, мындан ары да телеканалдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жардам берилерин билдирди. Эфир азырынча кечки саат жетиден он экиге чейин, жарым түнгө дейре уланат. Телеканалдын беш сааттан турган биринчи обосу жамааттын өз продукцияларынан туруп, жаңылыктар топтому да көрсөтүлдү.