ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева Нарын облусунун райондорундагы шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жумгал районунун тургундары менен кезиккен депутат айым аткарылып жаткан иштери тууралуу кыскача баяндап берди. Өрнөк айылындагы мечиттин курулушуна 30 миң сомдук жардам көрсөтүп, эл өкүлү жетим жаш балдарга ай сайын стипендия бөлүнөрүн айтты.
Ошондой эле Ак-Талаа районунда жайгашкан калктын жаз мезгилиндеги селден жабыркагандардын абалы менен таанышып, аймактын көйгөйлөрүн чечип берүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Жолугушуудан кийин тургундар депутатка “Ак-Талаа районунун ардактуу жараны” деген наамды тапшырышты.