Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев: «КАЙРЫЛГАНДАРГА КАБЫЛДАМАНЫН ЭШИГИ КАРАҢГЫДА ДА АЧЫК»

Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев учурда эс алууда экенине карабастан, шаарда аткарылып жаткан иштер жана жакын арадагы пландары тууралуу бизге маек курду.

ЭТ КОМБИНАТТАН БАШТАЛГАН ЭМГЕК ЖОЛУ

  • 1959-жылы 7-декабрда Ак-Талаа районунун Жылан-Арык айылында туулган.
  • 1982-жылы Нарын айыл чарба техникумун, 1990-жылы Айыл чарба институтун аяктаган.
  • Эмгек жолун 1982-1983-жылдары айыл чарба кооперативинде катардагы жумушчудан баштап, 1998-жылы Нарын шаарындагы эт комбинатын колго алып, “Нарын-Эт” коомун түзгөн.
  • 2008-жылдан бери Нарын шаарынын мэри болуп иштеп келүүдө.
  • Төрт уул, эки кыздын атасы.

– Баатырбек мырза, жыл башынан бери шаар ичинде аткарылып жаткан иштерге токтолуп өтсөңүз...
– Быйылкы жылдын эсебинен баштасам, эң чоң жумуштарыбыздын бири – шаардын акыр-чикир төгүүчү жайы. Жергиликтүү бюджеттен 850 миң сом бөлүнүп, Карга жайлоосундагы таштанды ыргытуучу жеринин аймагы 6 гектар эле, дагы 2 гектар кошуп, рекультивация (айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, калыбына келтирүү) кылып чыктык.
Экинчиден, Төш-Булактан бери Кызыл-Сарай конушунун элине таза суу чыгарып берип, “Ага Хан” фондунун жардамы менен конуштун бала бакчасы да таза сууга ээ болушту.
Үчүнчүдөн, Тиленбаев көчөсү жактагы жаңы конушта жарык жок болчу. Эл өзү эле зымдарды тартып баштаган, жакында 18 мамы орнотулуп, жарык берилди. Негизинен, жаңы конуштардын көптөгөн көчөлөрүнө шагыл төгүп-таптап, баткак жолдон арылтып чыктык.

– Оштун мэри Мелис Мырзакматов куруп жаткан эс­теликтери менен зоболосу кө­төрүлсө, Иса Өмүркулов шаарды гүлгө ороп, атагы чыгууда. Кесиптештериңизден айырмаланып, сиздин фишкаңыз эмнеде?
– Ак-Бечел суу сактагычы. Анын иштери үч жылдан бери уланып, 81 миллион сом каралган. Буюрса, октябрда бүтөт. Нарын шаарынын эли суунун тартыштыгынан кыйналбай калат. Суу көп агып, азыркы заманбап фильтрдин жардамы менен тазараак болот. Буга чейинки суунун резервуары 500 куб болсо, азыр 1500 кубдук резервуардан экөө ишке киргени турат.
Баш-аягы 90 миллион сом сарпталып, жолдорго асфальт төшөлдү. Эки-үч күндөй болду, бюджеттин тартыштыгынан улам кечигип отуруп РТС чөлкөмүнүн көчөлөрүн оңдоого каражат бөлүндү. Күн суук болгонго чейин ал иштердин да аягына чыгууга аракет жасайбыз.

– Жакын арадагы пландар кандай?
– Жагымдуу саамалык катары 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата үч футбол аянтчасы ачылат. Жасалма килемчелери Кытайдан алынып, түнү да оюн өткөрүү үчүн прожекторлор коюлду. Башкысы, “Ага Хан” фондуна караштуу Борбордук Азия университетинин аймагында дүйнөлүк стандартка ылайык футбол аянтчасы менен 2 теннистик корт ишке киришет. Мурун мындай Нарында жок болчу. Дегеле Кыргызстандан да көргөн эмесмин.
Ошондой эле Нарын шаарында бир түрк лицейи бар. Өзүмдүн эки уулум да ушул жерде окуган. Лицейде демөөрчүлөрдүн жардамы менен спорттук залдын курулушу бүтүп жатат. Коноктор келсе да жатып калчу бөлмөлөрү, душ жана башка шарттары бар.
Билсеңиздер керек, былтыркы жылы жашылча-жемиш сатылган базар өрттөнүп кеткен. Андан кийин “Кут-Ордо” базары ачылып, ал жерде 200гө жакын киши иштешет. Өрттөнүп кеткен базардын ордуна жаңысы ноябрь айында ачылат. Жеңил конструкциялар менен салынууда, анда 150дөй орун болот.

– 1-сентябрга аз калды. Өт­көндө Нарындын губернатору Канатбек Муратбеков авариялык абалдагы мектептер тууралуу сөз козгоду эле, шаар окуучуларды тосуп алууга даярбы?
– Шаарда 8 мектеп, 6 бала бакча бар. Баарынын оңдоо иштери толугу менен бүтүп, ишке 100 пайыздык даярдыкта. Губернатор “Мыкты мектеп” деп сынак жарыялаган, ага шаардын эки мектеби катышып жатат. Жок дегенде бирөөсү башкы сыйлыкка коюлган машинаны утат го деп турабыз.

– Эмгек өргүүдө экенсиз, эс алууңуз кандай өтүүдө?
– Эс алууга деле мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Бирде суу түтүгү жарылып кетсе, анан экинчи жердин жарыгы өчүп калат, үчүнчүсүнүн багы, дагы базардын иши дегендей...
Негизи, ар бир квартал сайын же айдын аягында эл менен жолугушуп турам. Бул ишти эмгек өргүүсүндө болсом да токтотпойм. Алардын көйгөйүн угуп, “мэрия тараптан эмне жардам керек?” деп тынбай сурайм. Күн-түнгө карабай телефонум өчпөйт, кабылдаманын эшиги кайрылгандарга караңгыда да ачык.

– Маегиңизге рахмат, ишиңиз илгерилей берсин!

Эльвира Караева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан