БАЙЫЙМ ДЕСЕҢ ТӨӨ КУШ БАК!

Төө куштардын мекени Африка деп эсептелингенине карабастан аларды биздин өлкөдө да баккандар жок эмес. Бүгүнкү кеп борбор шаарыбызга жакын жайгашкан Байтик айылындагы өзгөчө ферма жөнүндө болмокчу. Өзгөчө дегенибиз бул биз үчүн таңкалычтуу төө куш фермасы.

Төө куштарга биздин климат өзгөчө жагабы же дагы башка себептери барбы, айтор, биздегилер Африкадагы туугандарынан чоңураак келишет жана баштарын жерге катышпайт. Эске алсак, төө куш канаттуулардын эң чоңу. Бою 2,5 метрге, салмагы 130 килограммга жетет.

Биз сөз кылчу ферманын ээси – Шамудинов Кулболсун. Ал мындан 7 жыл мурун китептерден, интернеттен төө куш жөнүндө кызыктуу маалымат окуп, натыйжасында, атайын Орусияга барып 5 төө куш алып келет. Алардын үчөө ургаачы, экөө эркек эле. Ошондон бери көбөйүп отуруп бүгүнкү күндө Кулболсундун төө куштарынын саны 50гө жеткен. Аларды жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өз-өзүнчө топ-топко бөлүп багат. Учурда фермадагы төө куштардын эң улуусу 7 жашта, эң кичүүсү 8 айлык. Төө куштар тез чоңоюшат. Ошол себептүү биз көргөн 8 айлык төө куштун бою эң чоңдоруна теңелейин деп калганына күбө болдук. Ар бир топтогулардын өз лидерлери бар жана ал лидерлерге “Леди”, “Лидер”, “Катя”, “Горбатый” сыяктуу ысымдарды коюп коюшкан.

Кулболсун азыркы убакта чарбачылык иштерден колу бошобогондуктан, төө куштарды багууну Абдраев Кырдаал аттуу адамга өткөзүп берген. Анын айтуусуна караганда, төө куш багуу мал бакканга караганда алда канча пайдалуу жана үнөмдүү. Мисалы, орточо эсеп менен алганда 1 төө куш бир күндө 1 килограммдан ашык жем жана ошол эле өлчөмдөгү чөп жейт. Чөптү кесип, майдалап беришет. Мындан сырткары, атайын витаминдерди, сөөк өстүрүүгө пайдалуу деп балык, капуста беришет.

Өтө чоң эмес төө куш 70-75 килограммга чейин эт берип, ал деликатес катары бааланат да, килограммын 20 доллардан кем эмес баада сатышат. Ал гана эмес, ич этинен кудум жылкыныкындай кылып чучук, казы-карта да жасашат. Төө куштун этинин түсү жылкыныкына окшошуп каралжын тартып турат. Негизинен төө куштун этин сатып алууга карапайым калктын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Андыктан көбүнчө чиновниктер жана бай адамдар сатып алышат.

Жаш төө куш 2 жаштан баштап жумуртка тууй баштайт. Негизинен март-август айлары төө куштун жумурткалай турган убагы. Жумурткасынын салмагы 1,2 – 2 килограммга жетип, 2 түрү бар: жегенге боло турганы жана балапан чыга турганы. Балапан чыга тургандарынын түсү ак болуп, анын бирөөсүн 3 миң сомдон, бир айлык балапанын болсо 300 доллардан сатышат. Ал эми жей турган жумуртка болсо боз түстө болот. Азыркыга чейин “сатып алган жумурткадан балапан чыкпай калды” деп арызданып келген бир да киши болгон эмес. Өзүлөрү болсо жумурткаларын чогултуп Сокулуктагы тоок фермасына алып барып, андагы инкубатордон балапандарды чыгартып келишет. Кулболсундун айтуусуна караганда, инкубатордон балапан 42-45 күндө чыгат. Төө куштун балапандары тың келип, тез чоңоюшат. Эгерде 1 жашка чейин жакшы чоңойсо, андан кийин организми ооруга моюн бербей калат. Ошого карабай Кулболсун атайын ветеринар чакыртып, убак-убагы менен төө куштарын текшертип турат.

Бийге түшүү төө куштар үчүн көнүмүшкө айланган көрүнүш. Кээде жакшы музыка болуп калса, же көңүлү келген учурда музыкасыз деле бийлей беришет. Жанынан кечкендер эле төө кушка уурулукка келбесе, башкасы келбейт. Себеби алар чоочун кишилерди короосуна киргизишпейт. Ушунча жылдан бери бир да ууру кирелек. Ал тургай кожоюну да башка кийим кийип алса, чоочун адамды көргөндөй болушат. Аяр мамиле кылбаса, аябай кекчил келишет. Аларды айдап кайтарган таяктарын таштап койсо, аны да тепкилеп кетишет. Суукка чыдамдуу келишкендиктен, кышкысын күндүз сыртта жүрө беришет. Канаттарын үкү топу жасоо үчүн алып кеткен ырчылар да көп.

Төө куш жөнүндө кызыктуу фактылар...

  • Төө куштун жумурткасы 40 мүнөт кайнаганда араң бышат.
  • Бир жумурткасынан он бир жарым порция омлет жасалат.
  • Төө куштар жаратылышта жалгыздан эмес, тобу менен жашашат. Башкалары оттоп жатканда бир-экөөсү кароолдо турат.
  • Узун кирпиктери төө кушту күн нурларынан, чаңдан сактайт.
  • Жумурткаларын ургаачысы күндүзү, ал эми эркеги түнкүсүн басып жатат. Себеби ургаачысы боз түстө болуп талаада күндүзү көп көрүнө бербейт, ал эми эркеги каралжын келип караңгыда жакшы көрүнбөйт.
  • Жумурткасынын кабыгы катуу болгондуктан, жарык дүйнөгө чыгуу үчүн балапанга бир күн убакыт кетет.
  • Саатына 70 чакырым чуркай алгандыктан, жырткычтардан качып кутула алат.
  • Жарадар, оорукчал төө кушту калгандары эч убакта бөлүп салышпайт.

Төө куш жөнүндө анекдот:

Бир төө куш экинчисинен сурап жатат:

– Кызык, эмне үчүн дайыма эле башыбызды кумга ката беребиз?
– Сен эмнеге катып жатканыңды билбейм, мен нефть издеп жүрөм.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан