Ош шаардык кеңешинин депутаттары иче турган суунун баасын жогорулатуу боюнча чечимди кабыл алышты. Буга чейин суунун 1 метр кубу 3 сом 75 тыйын болсо, эми 5 сом 31 тыйын болот.
«Ош шаардык суу каналы» муниципалдык ишканасынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров суунун кымбатташын төмөндөгүчө түшүндүрдү: «Суунун 1 метр кубу 3 сом 75 тыйын болчу. Эми 5 сом 31 тыйын болот, суу эсептегичи бар жарандарда. Шаар тургундарынын көпчүлүгүнүн суу эсептегичи жок болгондуктан, алар ар бир киши башына мурда 13 сомдон төлөшсө, азыр 18 сом 57 тыйын төлөшөт. Суу эсептегич коюп алса аз акча төлөмөк, суу да сарамжалдуу болмок. Бизде 16 жерде насостук түтүктөр бар. Жылына 2 миллион сомго жакын электр энергиясына төлөйбүз. Биздин негизги максат, Совет учурундагы суу түтүктөрдү жаңылап, сууну сарамжалдуу иштеткенге адамдарды көндүрүү болуп жатат. Башка мамлекеттерди карап көрсөңөр, суу эң эле кымбат. А бизде эң арзаны суу болуп жатат. Базардан 50 сомдук дарбызды алып келишет да, биздин канчалаган хлорлорду кетирип тазалап берип жаткан суубузду шарылдатып дарбызынын үстүнө агызып коюшат. Барган сайын химикаттар да кымбаттап баратат. Ошон үчүн сууну бир кымбаттатканга туура келди».