Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун маданият кызматкерлери ортосунда жыл сайын болуучу бильярд боюнча турнир быйыл Ош шаарында өткөрүлдү. Мелдешке үч облустун 30га жакын маданият кызматкерлери катышты. Биринчи орунду “Талант шоу” куудулдар тобунун мүчөсү Канат Шанаев жеңип алды. Мелдешке аймактык телеканалдар, бир борбор демөөрчүлүк көрсөткөн.
«Бул мелдеш 5 жылдан бери бизге салт болуп калган. Быйылкы мелдеш башкалардан өзгөчөлөнүп жогорку деңгээлде болду. Себеби мурда өзүбүз менен өзүбүз болуп өткөрүп салчубуз. Быйыл ММКлардын, көпчүлүк күйөрмандардын катышуусунда салтанаттуу түрдө болду. Кийинки эстафетаны Жалал-Абад облусуна тапшырдык»,- дейт мелдештин жеңүүчүсү, куудул жигит Канат Шанаев.