Эл көзүндөгү ишмердин жасаганы ар дайым калктын назарында турат. Атүгүл алардын жеке жашоосу, үй-бүлөсү да көп кызыгууну жаратат. Шаардын мэри кызматын аркалап жүргөн Бакытбек мырза тээ балалык кезинен тартып үй-бүлөсүнө дейре айтып, ачык маек курду.
АДЫЛОВ БАКЫТБЕК АДЫЛОВИЧ
Туулган жылы – 1982-жыл, 7-март
Кесиби – юрист
Учурда – Жалал-Абад шаарынын мэри
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы
– Бакытбек мырза, маегибизди сиздин балалык чагыңызга көз чаптыруу менен баштасак...
– Балалыгым Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында өттү.
Бардык балдарга тиешелүү балалык тентектикти мен да кылдым. Гүлчө айылында дарыя бар. Ошол жерге барып алып суудан чыкпастан титиреп, көгөрүп кеткенче киринчүмүн. Үйүбүз Гүлчөгө бараткан жолдогу токойдун боюнда болчу. Кышкысын ызгаардуу суукка карабай бийик жерлерден жыгылып жылгаяк тепчү элем. Тоолорунда мал кайтарып жүрдүм. Малды кайтарганы барганым менен, оюнга алаксып кетип жоготуп алган соң аларды издеген күндөрүм али да эсимде. Ата-энеден сөз уккан күндөрүм, бардык жакшы күндөр ошол балалык кезимде экен, ойлосом.
Шок болгонум менен, сабакты да окучумун. Үйдө сабакка дээрлик даярдык көрбөйт элем. Мугалимдин айтканын жаттап алуу, эске тутуу жөндөмдүүлүгүм күч эле да. Бардык чейректерим “5” деген баа менен чыкчу.
– Жаштыгыңызда кайсы кесиптин ээси болсом дечү элеңиз?
– Жаштыгымдан эле депутат болсом экен деп тилек кылчу элем. Ошол учурдагы Сатыбалды Жээнбеков өңдүү саясатчылар сыналгыдан сүйлөп жатканда суктанчумун, «мен да ушундай депутат болуп, трибунадан сүйлөп турсам» деп.
Окууну 1999-жылы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Гайдар атындагы мектептен жалаң “5” деген баа менен аяктадым. Ошко барып 3 окууга тапшырып, өзүмдү сынап көрүүгө белсендим. Үчөөсүнө тең өтүп кетип, анын ичинен ОшМУнун юридикалык факультетин тандап алып, аны артыкчылык диплому менен аяктадым. Ата-энем кесип тандоодо эч кандай бөгөт койчу эмес. Кайсы кесипти тандасак, ошол кесипке жардам, колдоо көрсөтүп гана тим болушчу. Мектепте окуп жүргөндө аябай көзөмөлдөп, жакшы окуганга багыт берип, бизди даярдашкан экен да, көрсө. Атакемдин, агаларымдын жолун жолдоо максаты менен юридикалык багытты тандап алган элем ошондо. Бардык эле аталар уулдары өзүнүн жолун жолдошун каалайт эмеспи.
– Демек, уулдарыңыздын сиздей мамлекеттик кызматкер болуусуна каршылык кылбайсыз?
– Жок, каршылык көрсөтпөйм. Күчтүү каалоосу менен тандаган кесибинин мөмөсүн өздөрү гана татышат.
– Ошол балдардын апасы тууралуу сөз кылбасак болбос...
– Келинчегим Ала-Бука районунун кызы. Эл катары 5 жылдай сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Группалаш кызымдын таанышы экен. Ошол кыз себеп болуп таанышып калганбыз. Алгач ушул кыз менин жубайым болуп калат деп да ойлобогом . Бара-бара жакшы сапаттары байкала баштады. Ашыкча сүйлөп, каяша айтпаган оор басырыктуу, ийкемдүү кыз дароо эле менин көңүлүмө туура келди. Ушул сапаттары менен мени багындырып алды десем туура болот го. Дайыма колуна китеп кармап жүрө берчү. Билимдүүлүгү, ыйманынын бекемдиги, шым кийбей жүргөнү жакты. Айтор, буйрук экен, экөөбүз баш коштук. Кандай суроо берсем да, дайыма канааттандырарлык жооп алчумун. Каада-салттарды бийик тута билет. Үй-бүлөдө эң кичүүсү болгондуктан, учурда ата-энем менен турам. Даамдуу тамагын жасап, алардын батасын алып жүрөт. Учурда эки уулум бар. Улуусу Ариет 4 жашта, кичүүсү Эльхан 2 жашта.
– Кээ бир адамдар маянасын алганда кандайдыр бир ырымдарды колдонот экен. Таттуу алып же башка бир ырымдарды жасап, а сиз эң алгач алган маянаңызды эмнеге жумшадыңыз эле?
– Мен андай ырым деле кылбайм. Биринчи маянамды ата-энеме берип, алардын ыраазычылыгын, батасын алгам. Кыйынчылык менен чоңойтуп, көптү үмүттөнгөн ата-эненин кубанычын көрүү – өзүнчө бакыт.
– «Эл оозунда элек жок» дейт. Сизди мэрлик кызматты сатып алган деген сөздөр айтылган эле...
– 2008-жылы Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин аппарат жетекчилигине дайындалдым. 3 жыл 2 ай ошол кызматта эмгектенип, Жалал-Абад шаарынын кезектеги, 22-чакырымында мэрлик кызматка ат салышуу башталып калды. 2005-жылы элдик ыңкылап башталган кезде «Кел-Кел» деген элдик топ түздүм. Тынчтыкты орнотуу, элге көмөк көрсөтүү жаатында кыйла жардам бере алдык деп ойлойм. Көпчүлүктүн добушу менен 2011-жылдын 27-августунда Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына кириштим. Чындыкты билген, адамдын жан дүйнөсүнө көз салып, анын бардык оюнан кабардар болгон бир гана зат бар. Калптын куюнунун арасында калганда Кудайга салып гана тим болобуз биз, пенделер. «Акча берип мэр болду» дегендерди Кудайга койдум! Мен акча берип мэрликке отургудай чоң бизнесмен эмесмин. Мэрликке чейинки жасаган иштерим депутаттардын мага добуш берүүсүнө негиз болгон деп ишенем. Жогорку кызматта эмгектенгендердин баары эле акча берет, жейт деген ойлор барган сайын кыргыз элинин жан дүйнөсүн ээлеп бара жатканы өкүндүрөт.
– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик жар болсун.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg