АТАНЫ БАЛАДАН АЙРЫГАН АВТОКЫРСЫК

Ысык-Көл районуна караштуу Кош-Көл айылында 17-август күнү кечки саат тогуздарда жол кырсыгы катталды. Аталган айылдан Ауди жана Лексус үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, Лексус үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келип, Аудини сүзгөн. Сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, автоунаа 30 метр жерге сүрүлүп барган. Оңолбаев Төлөсүн башкарып келе жаткан Ауди үлгүсүндөгү автоунаа 30 метр алыстыкка учуп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Ауди автоунаасынын ээси, 30 жаштагы Төлөсүн катуу жаракат алып, Балыкчы шаарындагы ооруканадан жан берген.

Абылбек уулу Руслан, кырсыктын күбөсү:
“АЙДООЧУ КЫЛГАН ИШИН МОЮНУНА АЛБАСА, ЖОЛДУ ТОСОБУЗ”
– Төлөсүн Оңолбаев менен бир айылда жашагандыктан, жакшы таанычумун. Көптөн бери жүргүнчүлөрдү ташып, үй-бүлөсүн бакчу. Окуя болгон күнү кечинде эшикке чыгып, таза аба жутуп турган элем. Төлөсүн аба адаттагыдай эле унаасын айдап келе жаткан. Аңгыча эле Лексус автоунаасы абдан катуу ылдамдык менен келип, Аудини сүздү. Мен чуркап барып Аудинин ичин караганымда бактыга жараша айдоочу жалгыз экен. Жан талашып жаракат алган айылдашымды айылдык балдар менен ооруканага жеткирдик. Ал эми сүзгөн Лексуста мас абалындагы төрт жигит бар экенин өз көзүм менен көргөм. Унаадан түшүп, жанындагыларга “менин машинамды ким төлөйт?” деп кыйкырып жатты. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” дегендей, бул жерде адам өлүп жатса, алар үчүн автоунаасы кайгы болгону жанды кейитти. Андан да өкүнүчтүүсү, жардам берип, кечирим сурагандын ордуна, эл чогулуп, жаракат алган Төлөсүндүн жакындары ыйлап, ызы-чуу болуп жатса, сүзгөн балдар өзүнүн унаасын таштап, башка унаа чакырып кетип калышыптыр. Андан соң укук коргоочулар келип, текшерүү учурунда мас айдоочунун ордуна башка соо киши келди. Мен көрөр замат “айдоочу сен эмес болчусуң” десем, унчуга албай калышты. Ошентсе дагы мойнуна албай, “айдоочу ичимдик ичкен эмес” деп жатышат экен. Эгер чыныгы айдоочуну көрсөм, бетине салып бере алам. Анткени кырсыкты өз көзүм менен көргөм. Акырында менин айтарым, күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын. Эки жүзгө жакын айыл эли ушул максат менен жол тосуп жатабыз. Үч күндүн ичинде укук коргоочулар маселени чечип, тийиштүү чара колдонушпаса, кайрадан жол тосууга чыгабыз.

Канышай Кадыралиева, кырсыктан каза болгон Төлөсүндүн жеңеси: 
“ЖОК ДЕГЕНДЕ КЕЧИРИМ СУРАП КОЮШСА БОЛМОК”
– Ойдо жок жерден кайнимден айрылып отурабыз. Үй-бүлөсүнүн таянары Төлөсүн эле. 75 жаштагы энеси оорукчан. Өзүнүн төрт баласы бар. Улуу баласы тубаса майып болуп төрөлгөн. Эл ташып иштеп, балдарын бакчу. Буйрук экен, көпкөн балдарга кабылып отурат. Кырсык деген кырсык, бирок адам катары жок дегенде кечирим сурап коюшса болмок. Абалыбызды бир да жолу сурап келишкен жок. Кандай болгон күндө да сот таза, туура чечим чыгарат деп үмүт кылып жатабыз. Тергөө органдары толук, так териштирип, күнөөлүүнү аныктап, анан жазасын берсе экен дейм.

Таалай Туйгунов, Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы:
“ИЗИЛДӨӨ, ТЕРГӨӨ ИШИ УЛАНУУДА”
– Тамчы, Чырпыкты жана Кош-Көл айылдары биригип, Тамчы айыл өкмөтүнө кирет. Мен дагы Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы катары болгон кырсыкка өкүнүп турам. Аудини сүзгөн Лексус үлгүсүндөгү автоунаа Тору-Айгыр айылында 1986-жылы туулган Алиев Адилет Карымбековичтин атына катталгандыгы белгилүү болду. Автотехникалык экспертизага берип, анын жыйынтыгы менен чара колдонобуз. Учурда изилдөө, тергөө иши уланууда.

Сөзүбүздүн акырында ар бир айдоочу өзүнүн эле эмес, башкалардын дагы өлүмүнө себепкер болуп калышы ыктымал экендигин баса белгилер элек. “Сактыкта кордук жок” демекчи, ар бир адам жол эрежелерин туура сактап, айдоочулар мойнундагы чоң жоопкерчиликти сезе билсе, жол кырсыгы азаяр деген эле үмүт.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
solnyshko
2012-08-28 14:06:18
дагы бир чондун баласы окшойт да тиги лексутагы..
0
nelli
2012-08-28 14:53:12
соттор адилеттуу чечим чыгарышына эч эле козум жетпейт
0
isana
2012-08-28 17:03:45
Аудинин ээси каза болуп калганы окунучтуу. Лексустун ээсин таап туруп соттобой эле олтуруш керек. Биздин сотторго ишенич жок.
0
nelli
2012-08-30 02:12:16
isana, туура айтасын
0
Агата Кристи
2012-08-28 17:49:50
Чындап эле,Лексустагы чондун баласы деген кептер айтылган.Бирок,изилдоо учурунда карапайым эле уй-булоонун баласы экен.Неси болсо дагы айдоочулар сак болгула....
0
omo93
2012-08-28 22:29:32
биздин милитцяларга акча керек
0
Bekusha
2012-08-29 04:28:16
karapaiym ui buloonun balasynyn Lexsusu bar bolso, anda Kyrgyzstan onugoiun degen go
0
Агата Кристи
2012-08-29 10:00:57
Азыркы учурда Кудайга шугур 3 уй болсо,жок дегенде бироондо бир машина чыгат...
0
Nasipa
2012-08-30 06:28:29
Кантип эле карапайым эл Лексус айдап калсын. Балдарын атасынан айрыган уяты жок акмак экен. Балдарын ким окуутат, ким карайт. Ким ата болот!
Андайлардан акча алып сотттор туура чечим чыгарбашы деле мумкун. Уяты жок соттор, айдоочулардын айынан канча адам каза тапты. Канча бала ата-энесинен айрылууда.
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан