«КСДПнын парламенттик фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков кызмат ордунан бошош керек!» деген талапты Талас облусундагы аталган партиянын катардагы мүчөлөрү айтып чыгышты. Алардын бири Рыспай Сарногоев: «Чыныбай мырза партиянын съездин өткөрүп, өкмөткө ишенбөө тууралуу сунушту биз менен чогуу талкуулап, анан чечиш керек эле. Ал болсо биз менен кеңешпей эле биздин атыбыздан өзү чечим чыгарып коюуда»,- деди. Мындан тышкары Чыныбай мырзага 2 миңге жакын партиялаштары нааразы болуп жатышканын кошумчалай кетти.