21-август күнү Бишкек ШИИБине 22 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Келинди 16-август күнү болжол менен таңкы саат алтыларда өз үйүнөн күйөөсүнүн агасы, тагыраак айтканда, кайнагасы күч колдонуп зордуктаган экен. Ошол замат милиция кызматкерлери шектүү адамды кармашты. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.