«Жаштар ынтымак кыймылы» аттуу жаштардын коомдук бирикмесинин төрагасы А.Н. «жашы жете элек секелекти зордуктаган» деп шектелүүдө. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 26-июлунда Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын тургунунан А.Н. аттуу кылмышка шектүүнүн жосунсуз жоругу тууралуу арыз келип түшкөн. Ал арызда түнкү саат бирлер чамасында Чүй облусуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы токойдон аты аталган «жаштарга үлгү болчу» каарманыбыз 1995-жылы туулган секелекти күч колдонуп өз максатына жеткендиги айтылган. Бул окуя боюнча учурда КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Военно-Антоновка айылынын 1979-жылы туулган тургуну кармалып, сурак берүүдө.