Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бирлик айылындагы үйлөрдүн бирин 21-августта түн ортосунда тилсиз жоо каптаган. Чакырылган дарек боюнча жетип барышкан өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан үйдүн ичинен бир кишинин денесин табышкан. Иликтөө көрсөткөндөй, күйгөн адам үй ээси – 1967-жылы туулган Таалай Наматалиев болуп чыкты. Кырсык абайсыз чылым чегүүдөн келип чыкканы айтылууда.