Өткөн аптада Чүй облусуна караштуу Кайыңды кыштагында ичимдикке мас болуп, чатакташуудан улам бир өмүр кыйылды. 49 жаштагы А.А. аттуу Киров айылынын тургунун жанында чогуу ичип отурган шериги көкүрөк тушка бир нече ирет бычак менен сайып, жыйынтыгында жабырлануучу ошол жерден эле жан берген. Ал эми кылмышка шектүү окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылган, бирок анын арам ою ишке ашпай, жергиликтүү ыкчам иликтөө кызматкерлеринин кылтагына илинген.
Кылмышка шектүү Ысык-Ата районунун 53 жаштагы Д.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Көрсө, бул эргул мурда да эки ирет темир тор артында жатып чыккан экен. Бул окуя тууралуу азыр иликтөө иштери жүрүүдө.