22-августта Жогорку Кеңештин басма сөз борборунда "Ар-намыс" партиясынан депутат Дастан Бекешев менен шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону Нуриза Оторбаева шахмат столу үстүндө кезигип, жолдоштук оюн өткөрүштү. Атаандаштар эл аралык стандарт боюнча 25 мүнөттөн турган 2 партия ойноп, бир партия Нуризанын жеңиши менен аяктаса, бири тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
Негизи, бул демилге Нуриза тарапка таандык. “Бул кадам өлкөдө шахматтын популярдуулугун арттырууга зор салым кошот”,- дейт эл өкүлү. Нуризаны го билебиз, Дастан мырза боюнча айтсак, ал буга чейин Жогорку Кеңеште шахмат оюнун мектеп программасына киргизүү тууралуу демилгени көтөрүп чыккан. Жеке өзү шахмат оюну боюнча КРнын Спорт чебердигине талапкер.