27-августта Бишкектеги "Дордой" спорт- комплексинде футбол боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш старт алат. "Дордой" ассоциациясы жана "БАРТ" чечен маданият борбору биргелешип өткөрүп жаткан мелдешке “Рамзан” футболдук академиясы (Орусия), “Дордой-99”, ОСДЮШОР (Казакстан), “Абдыш-Ата”, “Алай” жана “Дордой-2000” командалары катышат.