"Пекин-2008", "Лондон-2012" Олимпиадаларынын башкы каарманы америкалык суучул Майкл Фелпс олимпиадалык медалдарынан айрылышы мүмкүн. Эл аралык Олимпиада комитети спортчуну "Louis Vuitton" мода үйүнүн жарнамалык фотосессиясына катышты" деп айыптоодо. Негизи, Олимпиада оюндарында байгелүү орунду ээлеген спортчулардын 18-июлдан 15-августка чейин коммерциялык долбоорлорго катышпоосу керек эле. Бул жобого таянып, ЭОК анын медалдарын алат же башка чара көрөт. Ал эми Фелпс тарап сүрөткө түшпөгөнүн, бул сүрөттөр спортчунун уруксатысыз колдонулганын айтышууда. Эске салсак, Лондондо 6 медаль тагынган Фелпс Олимпиаданын 18 жолку чемпиону болуп, рекорд койгон.