ЖАШЫЛЧА ТУЗДОО МААЛЫ КЕЛДИ

Туздалган жашылчалар тамак же салат жасоодо, закуске кылууга, башка тамак менен бергенге же шашылышта шам-шум этүүдө алмаштыргыc азык. Туздоонун бир канча түрү бар. Алардын ичинен банкага салып туздоо тууралуу сөз кылмакчыбыз.

КЛАССИКАГА АЙЛАНГАН БАДЫРАҢ МЕНЕН ПОМИДОР

Курамы:
Помидор, бадыраң, болгар калемпири, сарымсак, лавр жалбырагы, тоголок кара мурч, гүлдөгөн укроп, туз, кумшекер, уксус (70%).

Жасоо ыкмасы:
1. Эки учу кесилген бадыраң менен помидорду таза жууп, кургатып алуу керек.
2. Жуулган болгар калемпирин тегерекче кылып туурайбыз.
3. Анан алдын ала бууланган банканын түбүнө 1 даана лавр жалбырагын, жарым чай кашык тоголок кара мурч жана 3-4 тишче сарымсакты салуу керек.
4. Анын үстүнө бадыраңды тыгыз кылып тигинен тизебиз.
5. Үстүнө тууралган калемпирди салабыз.
6. Анын үстүнө помидор салып, эң үстүнө укроп салуу абзел.
7. Банканын оозуна чейин кайнак суу куюп, капкагын жаап 20 мүнөт тыныктырабыз.
8. Андан соң банкадагы сууну идишке куюп алып, ага (1 литрге) 3 аш кашык кумшекер, 2 аш кашык туз салып кайнатуу керек.
9. Даяр болгон маринадды банкага куюп алабыз да, эң аягында жарым чай кашык уксусту куюп, оозун капкак менен бекитебиз.
10. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз. Муздаган соң салкын жерде сактоо керек.

ПАТИССОН

Курамы:
Жаш, кабыгы жумшак патиссон, карагаттын же алчанын, лаврдын жалбырагы, сарымсак, укроп, туз, кумшекер, өсүмдүк майы, суу, уксус (70%).

Жасоо ыкмасы:
1. Патиссонду таза жууп, сабак чыккан жерин кесип салуу керек.
2. Андан кийин алдын ала бууланган банкага жалбырактарды, андан соң укропту төшөп, үстүнө патиссондорду тизебиз.
3. Эми 1 литр сууга 2 аш кашык туз, 1 аш кашык кумшекер салып кайнатабыз да, ага 100 грамм өсүмдүк майын кошуп, банкага куябыз.
4. Соңунда 1 чай кашык уксусту куюп, оозун бекитүү абзел.
5. Банканы көмөрүп, муздаганча жылуу ороп коюу керек.

ТУЗДАЛГАН САРЫМСАК

Курамы:
Cарымсак, туз, кумшекер, укроп, тоголок кара мурч, уксус (70%).

Жасоо ыкмасы:
1. Сарымсакты кабыгынан аарчып, жууп алабыз.
2. Алдын ала бууга кармалган банкага укропту салып, мойнуна чейин ныктап сарымсак салуу керек.
3. Андан соң маринад даярдалат. Ал үчүн 1 литр сууга 2 чай кашык кесек туз жана 2 чай кашык кумшекер салынып кайнатылат.
4. Андан кийин даяр болгон маринадды банкага куюп, анын үстүнө жарым кашык уксус (70%) куюп, банканын оозун бекитиңиз.

АЧУУ КАЛЕМПИР

Курамы:
Ачуу калемпир, туз, укроп, хрен жалбырагы.

Жасоо ыкмасы:
1. Таза бышкан ачуу калемпирлерди ичин ачпастан жууп алабыз. Эгер чириген жерлери болсо, аргасыздан кесүүгө туура келет.
2. Бууланган банканын түбүнө хрен жалбырагын, укропту салып, үстүнө калемпир тизүү керек.
3. Үстүнө 3 аш кашык туз, 2 аш кашык кумшекер кошулган маринадды кайнак бойдон куябыз.
4. Муздаган соң ошол маринадды кайрадан дагы бир жолу кайнатып кайра куюңуз. Бул процессти 3 жолу кайталоо абзел.
5. Андан кийин үстүнө 1 чай кашык уксус куюп, капкак менен бекитип коюңуз.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Эгер патиссон банканын оозуна батпай турган болсо, экиге бөлүп коюуга болот.
  • Бадыраң, патиссон кыртылдак болсун десеңиз, банкага салардын алдында алгач кайнак суудан жаба куюп, кайра аны муздак сууга салып алуу керек.
  • Ачуу калемпирди ашказан оорулары менен жабыркагандар абайлап жегендери оң.
  • Эгер банканы туз кошулган сууда бууласаңыз, стерилизациялоо процесси тезирээк жүрөт.
  • Бадыраң жана помидорду маринаддоодо уксустун ордуна кызыл карагат же анардын ширесин кошсоңуз, өзгөчө даамга ээ болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бийчи Назик Исраилованын бадыраң туздоо сырлары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
operaledi
2012-08-27 11:30:27
Патиссонду жакшы кором. Бирок быйыл болбой калды
0
Aja
2012-08-27 18:05:14
Patisson ne al?
0
Medina_solnyshka
2012-08-31 23:05:40
Aja, pattison ayabai sonun. Jep korsonuz!
0
Bunes
2012-09-03 18:46:16
badyrandyn enesi atasy
+1
Bunes
2012-09-03 18:45:28
badyrandyn enesi atasy
0
kawa
2012-09-04 12:32:05
bankaga jawyl4alardy salyp bawtagandan bwtalgan protsesti jaiyraak ele korsotsongor jakwy bolmok,juzum jalbyrak,4esnoktordu kan4a ol4omdo saldy kornboi kalyptyr,ongdop koio alasyngarby SUPER?aldyn ala rahmat
0
PePsI
2012-09-25 18:28:19
баары эле билет туздаганды чыгарбай деле койсо болмок
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан