ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-августтан 2-сентябрга) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада бардык иштерди бүтүрүүгө чамаңыз чак келбейт. Андыктан эң маанилүүлөрүн бүтүрүүнү колго алыңыз. Шейшембиде айланаңыздагы окуя жеке жашооңузду жаңы багытка бурууга себепкер болмокчу. Бейшембиде түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүк жаралат. Апта соңунда эс алып, ден соолугуңузду бекемдөөгө убакыт бөлүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушуңузда маселе жаралбасын десеңиз, бул аптага белгиленген иштин баарын бүтүрүүгө тырышыңыз. Ошондой эле эрктүүлүгүңүздү жана эмгекчилдигиңизди көрсөтсөңүз, мыкты кызматкер катары атыңыз чыгат. Бейшембиде жоготуу орун алып, маанайыңыз чөгүшү мүмкүн. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүз тынчтыкты самаса, табият койнунда эс алып келсеңиз, жеңилдей түшөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө тамаша сөздөн улам чыр чыгып кетиши мүмкүн. Андыктан ашыкча сөздөн этият болуу керек. Шейшембиде мамлекеттик мекемеге иш боюнча баш багасыз. Бейшембиде жакын адамыңыз саткынчылык кылышы мүмкүн. Маани бербеңиз, өтүп кетет. Апта соңунда көптөн күткөн тилегиңиз орундалып, кубанасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуштар боюнча алыска сапар алгандар ийгилик менен кайтышмакчы. Сүйүү жаатында бойдоктор түгөйлүү болушат. Ал эми баш кошууга бел байлагандар аракетин көрө беришсе болот. Бейшембиде маанайды түшүрө турган күтүүсүз иш болушу мүмкүн. Апта соңунда жакын досуңуздун жашоосундагы окуя сиз үчүн сыноо катары болмокчу. Мамилеге бекемдигиңизди далилдеңиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кыялыңызда жашап келген идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Коркпостон аракеттенүү абзел. Дүйшөмбүдө жумушта автивдүүлүгүңүздү көрсөтсөңүз, эмгегиңиз жетекчилик тарабынан бааланат. Жума күнү карызга акча алган болсоңуз, кайтарып бергениңиз оң. Болбосо ишеничтен чыгып каласыз. Ишембиде жеке жашооңузга тиешелүү маанилүү чечим кабыл алууга туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айланаңыздагы адамдар менен майда чырдашуулар, ишиңизге бут тосуулар болушу мүмкүн. Шейшембиде жол жүрүүдө сак болуңуз, ден соолугуңузга коркунуч бар дешет жылдыздар. Жума күнү бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз, жалган жалаанын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү ишиңиздин жыйынтыгы ойдогудай болуп, аракетиңиз оң жыйынтык бермекчи.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө аракет кылсаңыз, сизге бут тоскондорду четке сүрүп чыгарасыз. Шейшембиде жумуш боюнча жаңы шериктештер бирге иштешүүнү сунуштаса, кабыл алуу керек. Ийгиликке жетүүгө чоң кадам болот. Бейшембиде кесиптештердин бири менен кайым айтышуу чоң чырга айланып, беделиңизди түшүрүп коюшу мүмкүн. Дем алыш күндөрү буюм сатып аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада чыгымдарга каражатыңыз көп жумшалып, капчыгыңыз жукармакчы. Шейшембиде чечим кабыл алууда шашпаңыз. Катачылык кетирип, өкүнүп каласыз. Бейшембиде ашыкча чыгымга дуушар болбоюн десеңиз, башка бирөөнө иш тапшырбай, өзүңүз бүтүрүүңүз керек. Дем алыш күндөрү түгөйлөр ортосунда ынтымак бекемделет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлер алдыдагы пландарын ачыкка чыгарбай турганы оң. Себеби идеяңызды сизден мурда ишке ашырууга аракет кылган атаандаштар тарабынан бут тосуулар жаралат. Шаршембиде мурда берген убадаларды аткарууга туура келет. Жума күнү көптөн бери аракет кылган ишиңиздин жыйынтыгы ийгиликтүү болмокчу. Жекшембиде үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестиктин ырбашына жол бербеңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада өзүмчүлдүк кылсаңыз, жакын мамилелештерден кол үзүп калууңуз мүмкүн. Баарына бирдей мамиле кылганды унутпаңыз. Шаршембиде “жети өлчөп, бир кес” дегендей, чечим кабыл алууда ойлонуңуз. Болбосо жеке жашооңуздун багытын тескери жолго буруп алышыңыз мүмкүн. Апта соңунда капчыгыңызды кампайтууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү коё бербеңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көздөгөн максатыңызга жетүү үчүн башкадан жардам күтпөй, өз күчүңүзгө ишениңиз. Дүйшөмбүдө сизден кеңеш сураган адамга жардам берип коюу оордук кылбайт. Бейшембиде убакытты туура пайдалануу зарыл, болбосо баштаган иш бүтпөй маселе жаралышы мүмкүн. Апта соңунда коомдук эс алуу жайына баш багасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күндөрү ден соолугуңуз кескин начарлап кетүү коркунучу бар. Андыктан физикалык жактан көп жумуш кылууда этият болуп, өзүңүзгө кам көрүңүз. Шаршемби – бойдоктор үчүн жагымдуу күн. Жаңы таанышуу орун алмакчы. Айрымдар баш кошууга да кадам ташташат. Дем алыш күндөрү конок тосуп же конокко барууңуз күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sakyw
2012-09-04 13:41:11
силер айткандай болбойтко еч еле
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан