КАЛЫҢ ҮЧҮН КЫЙЫЛГАН ӨМҮР

Ар бир адамга ар кандай тагдыр туш келет эмеспи. Кээ бири башына түшкөн оор тагдырды көтөрө билип, караңгыдан жол таап кетсе, айрымдары ичкиликтин торуна түшүп беришет. Ал эми дагы бири өз өмүрүн кыюуга да барат. Төмөндөгү окуя Тоң районуна караштуу айылдардын биринде болуп өткөн.

Өзү келген келин

Кыздын кумарлуу көздөрүнө жалжылдай караган жигиттин келечекке койгон максаттары чоң. Анын оюна койсо, азыр эле кызды колунан жетелеп ак көшөгөгө киргизип, турмуштун даңгыр жолуна сапар алмак. Кыз сыр билгизбегени менен, жигиттин оюна каршы эместей. Бул күнү сүйүшкөндөр асмандан жылдыздар көрүнгөнгө чейин көл жээктеп сейилдешти. Ооба, ушул түнү эки жаш түбөлүккө бирге болууга бири-бирине сөз беришти. Бирок Жазира Мараттан ала качып эле кетүүсүн суранды. Марат мунун себебин деле сураган жок. Болгону, “Жазира ушуну каалап жаткандыр” деп түшүндү.

Ошентип, көптөн күткөн күн да жакындап калды. Мараттын үйүндөгүлөр опур-топур болуп, тойго даярдана башташты. Ал эми Жазиранын үйүндөгүлөр бейкапар. Атасы бойго жетип калган кызынын келечеги тууралуу өзүнчө план куруп койгон. Күндөгүдөй эле жумушка кеткен ата кызынын бүгүн турмушка чыгып кетерин сезген жок.

Мараттын жүрөгү элеп-желеп болуп, бул күнү тынч албады. Дос балдарын таң атпай чогултту да, Жазираны алып келүү үчүн коңшу айылга жол тартты. Алдын-ала болжошкон жерден Жазираны туура үч саат күтүшсө да, анын карааны көрүнбөдү. “Кыз жөн гана кылыктанып жатат, баары бир алып кетебиз бүгүн. Кел, андан көрө тойдун асты кылып бир аз жутуп алалы”,- деп Маратты достору бир аз кызытып да коюшту. Күтө берип тажаган балдар кыздын үйүнүн дарбазасынын жанына келишип, үйдө бака-шака болгон коноктор бар экенин байкашты.

Бул учурда Жазиранын заманасы куурулуп турган кез эле. Кудайдын жазганыбы же жөн гана төп келүүбү, айтор, сөйкө салганы келген конокторго Жазира чай куюп отурду. “Кантип болжошкон жерге жетип барам?” деп ойлонуп, айласы түгөнүп жатты. Байкаса коноктор дагы бир топко чейин отурушчудай. Анын үстүнө, койдун эти жаңы эле казанга салынган болчу. Ушинтип эмне кыларын билбей турган Жазира суу алуу үчүн короого чыкты. Балким, “чала жабылган эшикти жаап коёюн” деп дарбазаны көздөй баспаганда Мараттын ак Жигулисин байкабай калмак. Ошентип, бутундагы үйгө кийген тапичкеси менен түз эле машинага отурган Жазира өз тагдырын атасынын буйругусуз тандап алды.

Кызын 80 миңге баалаган ата

Чачыла чачылып, келин ак жоолугун салынып, Мараттын үйү опур-топур. Сууга чыгып дайынсыз жоголгон кызын издеген эненин жүрөгү зырылдап, бир окуя болгонун сезип турса да атасына айтпай, коноктордун узашын күттү. Коноктор узаарда кызды чакыртып бата бермекчи болгондо эне байкуш чыдап тура алган жок. Ызы-чуу болушуп, коңшу-колоңдордон сураштырып издеп калышты. “Ак Жигули токтоп турган” дегенди укканда эле баары түшүнүктүү болду окшойт.

Таң заары менен келген кудаларга ызырынган Жазиранын атасын кошуналары кой-ай деп жатып араң басышты. “Менин кызым силерге кой эмес! Уурдап кетиптирсиңер, анын үстүнө, кудалашып да койгом. Кызымды алып келгиле!” деген жооп алышкан кудалар таш тиштегендей эле болушту. Качан гана “куда, бир ачууңузду бизге бериңиз, балдар жашап алышыптыр” деген сөздү укканда гана сестее түшкөн Жазиранын атасы “анда калыңын да чоң бересиңер” деген сөздү айтып, кудаларды көңүлкош узатты.

Той берген Мараттын туугандары кыздын калыңына 20 миң сомун көтөрүп жөнөп калышты. Балээнин баары ушул 20 миң сомдон башталды. “Ай, мен кызыма 80 миң сом калың берчү жерден баш тартып жатсам, бул эмне кылганыңар? Бул силердин шылдың кылганыңарбы?!” деген ачуу сөздөрдү Мараттын туугандары угабыз деп ойлошкон эмес эле.

Багы жокко дагы жок...

Бул окуядан кийин эки жаш шаарды көздөй баса берди. Бир чети Марат шаарда иштеп, толбой калган калыңды берүүнү максат кылды. Калаадан деле Мараттын жолу боло койгон жок. Тапканы батирден, ичкен тамак-аштан ашпайт.

Бир жолу кызынын жашоосун байкаганы келген Жазиранын атасы алдыга коюлган эти жок тамакты ооз тийип да койбой чыгып кеткен. Бул окуядан кийин эле Жазира: “Апам ооруп жатыптыр, үйгө барып келейин”,- деп суранып калат. Оюнда эч нерсе жок Марат колунан келген белек-бечкегин даярдап берип, жубайын ата-энесинин үйүнө узатат. Ушул узатуу менен Марат Жазираны акыркы жолу көрүп жатканын билген жок. Үч күндөн кийин эле келчү Жазира бешинчи күнү да күттүрүп, келген жок. Алгачкы телефон чалууларга “апам ооруп, каралашып жатам” деп жүрдү. Кийинчерээк бир чалса, ачык эле “мени алып кетчи” дегенинен жүрөгү бир нерсени сезген Марат ошол эле күнү жолго чыкты.

Кайнатасынын үйүнө барып Марат “Сен кызымды кор кылдың. Же кыйратып иштебейсиң, эл-журтка мени уят кылып жатасың. Кызымды бага алгыдай жумуш тапканда гана Жазираны алып кетесиң” деген сөздөрдү укту. Эми ага баары бир. Темтеңдей басып, өз үйүнө барды. Бир бөтөлкө аракты суу ичкендей шыпкай ичкен Марат муунуп алуу үчүн кой короонун шыбына аркан ыргытты. Чөнтөгүндөгү алдын-ала жазылган катты жерге ыргытып койду. Анда: “Тагдыр мага эмне үчүн кыйноо салды? Ушундан көрө бул дүйнө менен кош айтышып, кара жерди жамынып жатканым жакшы. Кечиргиле мени, апаке, атаке, биртуугандарым, ардагым Жазира! Мени ушул өлүмгө түрткү кылган адамдан да кечирим сурайм!”- деп жазылган эле.

Бахияна Сатылганова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asiraasira
2011-07-19 11:15:58
эр жигиттин башына эмнелер кана келбейт.шайтандын азгырыгына алданып калып акылсыздык кылыптырэр жигиттин башына эмнелер кана келбейт.шайтандын азгырыгына алданып калып акылсыздык кылыптыр
+1
lady1409
2013-01-26 21:07:36
сабырдуу болуш керек кудаанын сыноосуна чыдаш керек
+1
Айдай
2018-02-21 16:34:28
Тааныш тагдыр экен...
0
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан