Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «БАЙБОЛОВГО КОЮЛГАН ЭТИКАЛЫК ТАЛАПТАР БАБАНОВГО КОЮЛБАЙБЫ?!»

Кайдагы бир Абдулла Юсупов аттуу жигит кыргыздын парламентинде отурган кадыр-барктуу эл өкүлдөрүн, ага кошуп кыргыз тарыхында кала турган коомдук ишмер, саясатчы, мыйзамчы Өмүрбек Текебаевди мародёрлордун ана башы кылып көрсөтүп саймедиреп жатат. Жигиттин сүйлөгөнүн карап отуруп жарым жылдан бери СИЗОнун катаал шартында жашап, үнү жогору жактагыларга жетпей, акыйкаттык издеп зар болуп жаткан адамга окшото албадык. Андыктан «Ата Мекендин» лидерине узаткан биринчи эле сурообуз ушул темада болду.

– Өмүрбек мырза, эки күн катары менен телеканалдардын биринен түн бир оокумга чейин Абдулла Юсупов деген жарандын баянын тыңдадык. Анын маалыматында, сиз, сиз жетектеген партиянын бир катар депутаттары «мародёр» болуп чыгышты...
– Юсупов – профессионал аферист. Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагылар аны жакшы билишет. 2000-жылы шайланган Хакимов деген депутатка каршы митинг уюштуруп, Бишкекке келген. Ошондон тарта Бакиевдердин көңүлүнөн орун таап, алардын кызматын кылчу. 2005-2006-жылдары «дежур» аялдардын алдында туруп, «Текебаев отставкага кетсин!» деп кыйкырып жүргөн. Кийинчерээк, раматылык Рысбек Акматбаевдин митингинде «Кулов отставкага кетсин!» деп Бакиевдердин тапшырмасын да аткарды.
Муфтиятка провокация жасап, Сузактан аялдарды ээрчитип барып, 2005-жылы муфтиятты басып алган. Бакиевдердин тапшырмасын аткаруу үчүн мусулмандар дүйнөсүндө ыйык саналган сыйынуучу жайга мындай акарат келтиргенге чейин барган. Ал режимдин эң ыплас тапшырмаларын аткарып гана жүрбөстөн, көптөгөн майда кылмыштарды да жасап, Бакиевдердин убагында ага алдамчылык аракеттери үчүн иш козголгон. ИИМдин мурунку бөлүм башчысы Акжоловдун «Республика» фракциясынын жыйынында билдиргени боюнча, милицияда агент-провокатор болгон. Азыр бизге анын алдамчылыгынын курмандыгы болгондор кайрылып, көптөгөн маалыматтарды алып келишүүдө. Жакында коомчулук алар менен да таанышат.
Юсупов 2010-жылдын апрель айынын аягында да кылмыш кылып, Жалал-Абадда кармалып, 8 жылга эркинен ажыратылат. Бирок негедир мөөнөт 3 жылга кыскарып, шарттуу түрдө кесилет. Бишкекке келип, кайра эски ишин баштайт. Көп өтпөй эле Юсупов, анын кылмыштуу достору, Акжолов баш болуп экс-муфтий Мураталы ажыны уурдап, анын өлүмүнө себепкер болушкандыгы жана бир нече карактоо аракеттери үчүн кармалышкан.

– Эмне үчүн анда ал 7-апрелде талап-тоноочулук иштерине катышканын, буга сиздерден көрсөтмө алганын айтууда?
– Биринчи жолу мындай жалаа президенттик шайлоо маалында пайда болгон. Юсупов, Шергазиев, Оморовдун ошол кездеги парламент спикери А.Келдибековго жазган катында «ИИМдин Чүй облустук ИИБинин башчысы Бакыт Жусубалиев «Текебаев, Шерниязов, Төлөгөновго каршы көрсөтмө бергиле, биз силерди чыгарабыз, мен да жумушумдан көтөрүлөм» деп айткан. Бир жума бою алар каалагандай көрсөтмө берип, камерага сүйлөп, жазып да бердик. Бирок Текебаев президенттиктен талапкерлигин алып салды. Ошондон кийин Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы биз туурасында унутуп койду» деп айтылган. Президенттик шайлоого катышпай калганымдан кийин бул версия пайдаланылбай калат. Шайлоодон кийин «Ата Мекен» фракциясы бир топ дооматтарды келтирүү менен Ахматбек Келдибековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатканда бул жалааны экинчи жолу колдонуу аракети болду. Алгачкы эки катта Текебаев, Шерниязов, Төлөгөнов боюнча гана сөз болсо, бул аракет үчүнчү ирет башталганда ага Туратбек Мадылбековдун ысымы кошулуп калыптыр.

– Ага эмне себеп болгон?
– Эсиңиздерде болсо, ошол кезде Токон Мамытов менен Туратбек Мадылбеков ГУИНдин экс-жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун иш-аракеттерине иликтөө жүргүзүп жатышкан. Коргонуу аракетинде Шейшенбек Байзаков түрмөдө жаткан адамдарды пайдаланып, балким, ал да убада берип, өзүнө пайдалуу версияны чыгарат. Ал версияда Мадылбеков негизги «мародёр» болуп чыга келет. Бул боюнча президентке Байзаков жашыруун кат менен кайрылат. Эки ирет текшерүү болуп, абактагы адамдардын бул дооматтары негизсиз, жалган, кара ниет мүнөздө жазылгандыгы тастыкталган. Көп узабай Байзаков Акмат Бакиевди качырып жибергенинен улам кызматтан алынып, бул айыптоо да суу кечпей калган.

– Өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөргөнүңүздөргө жооп катары төртүнчү ирет чыгып жатканыбы ошондо?..
– Август айындагы жыйында биздин фракция Өмүрбек Бабанов түрк ишкеринен асыл тукум аргымак түрүндө пара алгандыгы боюнча далилдерди келтирди. Бабанов да аны танып кете албастан мойнуна алып, сатып алгандыгын айтып чыкты. Бизге белгилүү болгондой, параны картадан уттуруп же арзан баада сатымыш болуп беришет. «20 миң долларга сатып алдым» дегени эч кимди ынандырган жок, анткени аргымакты Кыргызстанга алып келүү эле андан бир жарым-эки эсе кымбатка турган.
Кубатбек Байболов башкы прокурор болуп турганда анын жубайына тиешелүү ишкана тергөө алдында турган фирмага буюмдарды сатты деп иш козголгон. Ал кездеги президент Роза Отунбаева «бул этикалык нормаларга сыйбайт, бийликке болгон ишенимге өтө чоң шек келтирет» деп кызматтан алган. Ошондо Байболов «этикалык талап мага гана калып, башкаларга иштебейби?» деп күйгөн эле. Баса белгилей турган нерсе, Байболовдорго тиешелүү мүлктөрдүн наркы рыноктун баасында болчу. Бүгүн Бабанов «аргымактын рыноктогу баасынан ондогон эсе арзанга сатып алдым» деп жалган айтып отурганы – олуттуу күнөө. Эмне үчүн Байболовго коюлган этикалык талаптар Бабановго коюлбашы керек?! Ушундай айып тагылганда ал аргасыздыктан бет тырмарлык менен Юсуповдун ушак-жомогун коомчулукка алып чыкты.

– Телеканалдан тынымсыз көрсөтүлүшү коомдо ар кандай кабылданды. Бири ишенип, бири ишенбей, ар кандай суроолор жаралып жатат...
– Мыйзамдарды, жазылган жана жазылбаган моралдык-этикалык принциптерди одоно бузуу жолу менен телеканалга алып чыкты. Адам уурдоо, карактап-тоноо боюнча 10дон ашуун эпизоддон турган иш козголуп жаткан адамдан бир нече саатка созулган интервью алып, өзүнө тийиштүү жеке каналдан жана коомдук телеканалдардан көрсөттү. Коомдук телеканалдарды мажбурлоо жолу менен мындай кадамга барды. Бул – дүйнөдө болуп көрбөгөн окуя. Бүгүн Башкы прокуратура мыйзамды бузуп, тасмага тартууга уруксат берген адамдарга жана телеканалга укуктук баа бергени турат.

– Юсупов билдирген маалыматтар чын эле жалганбы?
– Юсупов тарабынан мага коюлган дооматтардын абсолюттук жалган экендигин бир нече мисалдар менен далилдегим келет. Камалгандардын тууганымын деген Айсулуу Дүйшөнкулова ММКларга берген маектеринде: «7-апрель күнү Сокулуктан Бишкекке жетип келдим. Бакиевдерге тийиштүү деген Правда-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңсенин короосунда эртең мененки саат 10до бир топ адамдар, алардын арасында Текебаев, Шерниязов, Төлөгөновдор бар эле. Алар адамдарды топ-топко бөлүп, тапшырма берип жатышыптыр»,- дейт. 7-апрель күнү мен кечки саат төрттөргө чейин УКМКнын жер төлөсүндө камакта жаткам. Бул бүт Кыргызстанга анык. Айсулуу аттуу айымдын жалганчылыгы аныкталды, сотто «андай болгон эмес» деп айтып, кечирим сурады. Кайра бүгүн ал айым «Текебаевдин өзүн көргөн жокмун, кара машина келген, анын ичинде Текебаев бар дешкен» деп көрсөтмөсүнүн күүсүн өзгөртүп жатат.
Мен жүздөгөн адамдардын, камера, фотоаппараттардын көзүндө Кыргызстан бийликсиз калганда туңгуюктан чыгып кетүү жолдорун издеп, убактылуу бийликтин конструкциясын түзүү менен алек болдум. Ал жерде алгачкы декреттер пайда болду. «Форум» ишканасынын имаратына барып, Убактылуу өкмөттүн курамын түзүүгө бир топ убакыт сарптадык. Андан келип, Убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыя кылдык. Тез арада тартипке келтирүү жана мүмкүн болгон мародёрлукка, тартипсиздикке, эң негизгиси, реваншисттердин аракеттерине бөгөт коюу боюнча аракеттерди көрө баштадык. Ал жерде жүздөгөн адамдардын көзүндө элем. Бир нече күн өткөндөн кийин Коопсуздук кызматы мага брондолгон кара түстөгү Жип машинасын берди. Алар ушундан улам кара Жип деп айтып, ынандырууга далбастап жатышса керек. Ага чейин жардамчыларымдын жөнөкөй эле машинасын пайдалангам. Укук коргоо органдары муну бир нече жолу текшерип, тастыктаган.

– Абдулла Юсупов менен тааныш экениңиздер чынбы?
– 2010-жылдын март айында «Бакиевдер жөнүндө маанилүү маалымат айтам» деп партиянын кеңсесине бирөө келип кеткенин айтып калышты. Ал кезде белиме операция жасатып, кеңсеге сейрек барат элем. Угуп көрөлү деп чакырттык. Келгенде эле «Өмүрбек ака, мени кечириңиз, иттик менден кетти. Сизди күнөөсүз жамандап жүрүптүрбүз, сиз алтын адам экенсиз» деп кирди. Эки саат токтобой Бакиевдерди жамандады. «Ушул сөздөрүңдү эртең камерага айтып бере аласыңбы?» десем макул болгон. Эртеси балдар залды, камераны даярдап коюшса, келбептир. «Агент, провокатор экени ачыкталып калды» деп аны унуткарганбыз. Көп өтпөй кайра балдарга телефон чалып, «мага ишенбесеңер, ИИМде бир полковник бар. Ал дагы көп сырды айтып берет, ал дагы Бакиевдерге нааразы» дептир. Болот Шер милицияда иштегендиктен, ал сүйлөшсүн деп Болоттун кеңсесине Акжоловду чакырдык. Ал жалгыз келди. 15 мүнөт сүйлөшкөн соң эч кандай олуттуу маалымат айта албасын түшүнүп, рахмат айтып узаттык. Ошол кезде «мамлекеттик төңкөрүш чыгарганы жатат» деген айып менен оппозиция өкүлдөрүн камакка алат экен» деген сөз тарап калган. Булардын «Бакиевдердин бийлиги кулаарына аз калды. Бири-бирин атканы чын, ичинде да ынтымак жок, милициянын жарымы оппозиция тарапка өткөнү жатабыз» дегени бизди активдүү аракеттерге түртүп, далил базаларын алып, оппозиция лидерлерин 15-20 жылга камоо планы окшойт деп шек санап, этият бололу деп жыйынтык чыгарганбыз.

– «Ата мекенчилер» Бакиевдердин Тейиттеги үйүн өрттөгөн» деген айып кайра айтыла баштады...
– Бакиевдердин үйүн өрттөгөндөр белгилүү. Алар – Кадыржан Батыров жана анын жигиттери. Аны жалал-абаддыктар жакшы билишет. «Ата Мекенден» бирөө да Тейит тарапка барбагандыгы, борбордук аянтка кандай келишсе, ошондой тартипте кайра тарагандыгы туурасында авторитеттүү коомдук ишмерлер көрсөтмө берген видеотасмалар бар. Муну Улуттук комиссия да, тергөө органдары да тастыктаган.

– Ушундай оор айыптар тагылып жатканда сиздер тараптан кандай жооп болору көпчүлүктү кызыктырып турган кез.
– Бул боюнча укук коргоо органдары менен кызматташабыз. Бир жуманын ичинде тергөө органдары жыйынтык чыгарат деп ишенем. Ал эми НТС телеканалы жана бул маалыматтарды улам-улам таркатып жаткан депутаттар менен мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте мамилелешебиз. Сот аркылуу маалыматтар жалган экендигин далилдейбиз.

– Сиз жетектеген фракция президентке кайрылды. Силерге удаа «Республика» да кат жолдоду. Бирок президент тараптан эч кандай жооп айтылбады го?..
– Өлкө башчысы, Конституцияда көрсөтүлгөндөй, калыстык функциясын аткарышы керек. Бабановдун кылган иши эл-журтту эле эмес, президентти да иренжитти деп ойлойм. Бабановдун бул кадамы президенттин ишенимин да бөксөртөт. Ал криминалдык ыкма менен криминалга таянып, өз бийлигинде калууга аракет кылууда. Эгерде Бабановдун ишенгендери мурунку бандит, рэкеттер, оор кылмышка айыпталып жаткан Абдулла Юсуповго окшогондор болсо, анда мындай өкмөт башчынын, мындай саясатчынын келечеги жок. «Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «бул баланы эркиндикке чыгарыш керек» деп расмий түрдө билдирди. Өмүрбек Бабанов да өкмөттүн жыйынында «камактагылардын дооматтарын карагыла» деп тапшырма берип жатат. Демек, «телеканалга чыгып сүйлөп берген камактагыларга эркиндикке чыгаруу убадасы берилген» деген сөздүн чындыгы барбы? Эртең Бабанов кызматтан кетсе, Абдулла Юсупов теңирден тескери ырды да «төгүп» берерин бөркүңөрдөй көргүлө.

Калыс Мамбетов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
stan.kg
2012-08-27 15:46:39
Текебаевди эч кимден женилбеген кыйын саясатчы катары баалайм. Бирок бул кишинин Бабанов баштаган окмотту кетирип, кайра эле ошол партиялардан коалиция тузгонго катышып жатканы тан калтырат. "Орун алмашканда сумма озгорбойт" дегендей эле болотко деп турам кайра эле.
0
Nursultan.m.n
2012-08-27 17:54:12
Алга!Текебаев!!!
0
Rime
2012-08-28 19:48:23
Эээ,качанга чейин ушундай боло берет,же биздин жетекчилерибизде бири бирин жамандагандан башка кылаарга жумуштары жокпу?...
0
kuba77mee84
2012-08-29 23:38:56
кыргыз элим биз минтип журо берсек мындан ары жошообуз кыйын эле болот анткени кыргы элим качан эле бир бирибизди мактачу элек биз бир бирибиздин бутуна таяк сунгандан башка эч нерсе билбейбиз го эээ.
0
adik89
2012-08-31 02:04:09
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВды эми призидент кылып коробузго кыйратчудай болуп атат
0
Tagaiberdikgiskra89
2012-09-04 01:51:33
Эмнесин алга дейсинер ушунун. Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек анан кыргызстан тигиндей болот мындай болот деп сайрап жатпады беле, Бакиев кеткенден кийин. Чо толк не озгорду? Набарот жакшы иштерди жасагандын ордуна убакытты откоруп журушот ынтымака келе албай. Баары ушунун айынан.
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан