ЫЛАЙЫГЫНА КАРАЙ ЫҢГАЙСЫЗ СУРОО

Ар бир адамга айтылган сөз бекеринен чыкпаса керек. Биздин бул кыйытып берген суроолорубуз ар бир каармандын айланасында болгон сөздөрдөн улам куралды.

НАМАЗДЫ ЖАМЫНЫП ЖАМАН ЖОЛДОРГО БАРГАНДАРГА КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?

Алтынай Нарбаева, ырчы:
– Намаз окугандар “мен намаз окуйм” деп милдет кылбашы керек. Кыргыздын жакшынакай кийими бар. Ал эми сакалдарын саксайта өстүрүп, арабдардан келген узун көйнөктөрдү шалбыратып кийип алгандарга мен каршымын. Көпчүлүгү намазга жамынып тескери иштерди жасап жүрүшөт. Андай кишилер адамдарды иренжитип, башка таза дин жолундагыларга болгон көз карашты да өзгөртүшөт. Андай адамдар намазга жыгылып, жаман жолго баргандан көрө, намазды окубай коюшса болот.

БҮБҮ-БАКШЫЛАР АРКЫЛУУ ЖИГИТТЕРДИН БАШЫН АЙЛАНТУУГА КӨЗ КАРАШЫҢЫЗ...

Неля, ырчы:
– Мен андай нерселерге ишенбеймин дагы, эч качан барган да эмесмин. Бул чоң күнөө. Кийин алар Кудай алдында жооп беришет. Мындай жолго өзүнө ишенбегендер гана барышы мүмкүн. Бүбү-бакшыларга ишенип, жигиттин жүрөгүн багынтып алгандар түбөлүктүү эмес. Бир күнү болбосо да, бир күнү үй-бүлө очогун өчүрүп алышат. Мындай жол менен турмуш куруу адамды кийин оорулуу кылып да коёт дешет. Андыктан ушундай жаман ой, жолдон жаштар эсине келип кайтышы керек.

"ДҮҢК" ЧЕКПЕГЕН ЭРКЕК – ЭРКЕК ЭМЕСПИ?

Мирбек Иманбеков, ырчы:
– Эмнеге бул суроо мага? Суроо өзү ыңгайсыз экен. Эми билбейм, биринчиден, бул нерсе зыян. Менин оюм боюча, тескерисинче, "дүңк" чеккен эркек – эркек эмес.

"СПОРТЧУЛАР КӨЧӨДӨН КҮЧҮНӨ ИШЕНИП АКЧА ТАБЫШАТ" ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?

Кылычбек Саркарбаев, эрежесиз эр урушчу:
– Талыкпай эмгектенип, бешене тери менен бир нерсеге жетишкен адамдар эч качан арам жолдорго барбайт. Мен спортчуларды дал ошондой адамдардын катарына кошом. Спортко берилген, спортту сүйгөн чыныгы жигиттер эч качан күчүн жаман максаттарда колдонбойт. "Спортчулар көчөдөн акча табышат" деген сөздөр спортто ийгилик жарата албай, жаман иш жасап койгон айрым кумалактардан улам жаралса керек. "Адамдын биринчи ырыскысы асмандан" дейт. Калганын өз өнөрүбүз, адал жол менен эле табабыз. Биздики эми ак эмгек да. Биз тууралуу андай ойлобогула.

СЫРТЫ ЖАЛТЫРАК, ИЧИ КАЛТЫРАК АЙЫМДАР АЙЛАНАҢЫЗДА БАРБЫ?

Анжелика, ырчы:
– Эми бул сөз жалгыз айымдарга гана эмес, мырзаларга, ошондой эле жалпы адамзатына тиешелүү десем болот. Сырткы келбети жакшынакай, анан да ушундай акылдуу болуп сүйлөгөндөрүн көргөндө жалтырак дейсиң. Бирок ички дүйнөсү такыр төп келбеген калтырак адамдар болушат. Менин курбуларымдын арасында да бар андайлар. Шоу-бизнестегилердин мүнөзүн жакшы билбейт экенмин. Кайда жүрбө, сенин сырткы келбетиңе эмес, жан дүйнөңө суктангандай адам болушуң керек.

КЫЗДАР МЕНЕН КЫЗДАРДЫН ЫСЫК МАМИЛЕСИНЕ КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?

Каныкей, ырчы:
– Кыргыздар үчүн лесбиянка деген түшүнүк – жат көрүнүш. Жеке мага баары бир. Жакшы же жаман деп айткандан алысмын. Алардын да өздөрүнүн жашоого укуктары жана кызыгуусу бар. Мен шоу-бизнестеги ырчыларга көп аралашпай, "тусовкаларга" барбагандыгымдан, балким, мен жөнүндө да ушул сыяктуу ойлор жаралат окшойт. Бирок мен кадимки кыздардай эле жигиттер менен сүйлөшөм. Эгер ошондой болуп калса, жашырбай ачыкка чыгармакмын.

АЯЛЫНА КОЛ КӨТӨРГӨН ЭРКЕКТЕР ТУУРАЛУУ ОЮҢУЗ...

Султан Садыралиев, ырчы:
– Илгерки аталарыбыз айтып калышчу эмес беле, "аялдарга жети күндө жети камчы, анда-санда какыс-кукус кылып туруш керек" деп. Анын сыңары, ал нерсе ар бир аялзатынын эркекке кылган мамилесине байланыштуу болот. Негизи, аялына кол көтөрүү туура эмес дечи. Анткен менен тили узун айымдар кээде ошого чейин алпарып жатышпайбы. Мен деле бир жолу келинчегиме кол көтөрүп жиберип, коркуп кеткенден токтоп калгам. Эми анда ачууга алдырып жибергем десем болот. Бирок кээде айымдардан “косяк” кеткен учурларда мен кол көтөргөн жигиттердин тарабын алышым да мүмкүн.

Алмагүл Турдалиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
operaledi
2012-08-27 11:50:18
Султанды аялына кол которот деп ойлогон эмесмин.
-5
menedjer
2012-08-30 15:16:05
operaledi, Султанда адам,адам болгондон кийин катачылык кетирбейм деген кепилдик берип болбойт.
0
asj.88
2012-08-27 16:22:49
султан аялын чаап жиберип коркуп кеттим дейт значит экинчи урбайт накта аялын урган эркектер коркпой калсын ал менин башыман откон!!!урса уйлонгондоруно канча болду бир жолу урганга жатпайт болуш керек
+1
ulutbek
2012-08-28 00:45:23
АЛТЫНЫЙ ЭЖЕ ЭН ТУУРА АЙТТЫ.намазды окуган адам милдет кылбаш керек намаз окуп жатам дер!
0
Мэри
2012-08-28 11:26:21
Алтынай эже аябай туура айтыптыр, мен да кошулам.
0
Melis-Aruuke
2012-08-29 16:53:15
Султан туура жооп берген.Аялдын кылган кылыгына жараша болот баары.
0
Narynbek
2012-08-30 01:00:45
Алтынай эже абдан туура айтыптыр!Чыгармачылыгыңызга ийгилик эже!
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан