Жакында гана түтүн булаткан ырчы кыз Айнура Салахидинова менен жолдошу Санжарды “Жан шерик” рубрикабызга конокко чакырдык. Бири-биринен кумарлары тарабай турган жаш жубайлар жаңыдан пайдубалы түптөлгөн кичинекей мамлекети тууралуу сөз куруп беришти.
АЛГАЧКЫ ЖОЛУ
– Кандайсыңар? Айылдын жылдыз келининин турмушу кандай өтүп жатат?
Айнура: – Жакшыбыз. Жашоо балдай эле болуп жатат.
Санжар: – Турмуш арабасына чиркешкенибизге аз эле болгондуктан, баары жакшы.
– Санжар, айтсаңыз, алгачкы жолу Айнуранын колун кармаганда кандай сезимдер болду?
– Алгач сүрдөп, уялып, өзүнчө эле ысып кетчүмүн. Башкача айтканда, толкундана берчүмүн. Азыр деле тиктеп карап койсо сүрдөп, сүйлөй албай кетем.
– Ырчы кызды кандай сыноолордон өткөрдүңүз?
– Эркектер өзүнө жуп болуп, турмуш куруп кете алчу кызды сезишет деп айта алам. Мен деле алгач Айнурага жолукканда ички туюмумда турмуш куруу ою жаралды. Көп деле сыноодон өткөргөн жокмун. Болгону, мага жөнөкөй адам керек эле. Ошол нерседен өттү. Андан кийин апамдын сыноосунан өткөрүү үчүн “жыйырма жылдык кечеме ырдап бер” деген шылтоо менен чакырып, апама тааныштырып, алдынан өткөрдүм. Апам “турмуш куруп кете алчу кыз экен” деп батасын бергенден кийин гана колун суроого өттүм.
– Айнура, сенин алгачкы сындарың кандай формада болду?
– Чынында, Санжарга турмушка чыгам деп ойлобогондуктан, сын көз менен кароо жок болчу. Кийин деле турмушка чыкканда бир айча конокко келгендей болуп жүрдүм. Азыр көнүп, жанымда жарым саат жок болсо эле жоктоп, сагынып кетем. Анан “кайдасың?” деп чала баштайм. Санжар экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кезде жолугууга барганда дайыма курбу кыздарымды ээрчитип алчумун. Анан бир жолу айтып калды “өзүң эле келчи” деп. Барсам, “экөөбүз үйлөнөлү?” деп жатпайбы. Алгач тамашалап жатат го деген ой кетти. Бирок буга чейин эч ким жолукканда эле “үйлөнүп албайлыбы?” деген сунуш киргизе элек болгондуктан, бул сунуш мени бир топ эле ойлонтту.
– Оу, Санжар мырза, “балп” эттирип эле турмушка чык деген экенсиз...
– Мен да, Айнура да таттууга жакынбыз. Шаардагы тамактануучу жайлардын бирине чакыргам. Анан жалаң таттууларды алдына коюп, экөөбүздүн жашообуз таттуу болсун деген ниетте сүйүү, турмуш куруу сунушун айттым. Экөөбүз ошол күнү кечке таттууларды жей бердик, сүйлөшө да бердик. Акыры биз отурган жай жабылганда кеткенбиз. Ошол күн биздин жолубуз бирге болоруна себепкер болду окшойт.
КАПЧЫК ЖАКТАН
– Азыркы жашоонун негизги маселеси – акча. Тапкан кирешеңерди ортого саласыңарбы же?..
Айнура: – Албетте, капчык маселеси бул кишиде болот. Эмне кем-карчым болуп жатканын дайыма сурап турат. Кээде “ий, менин косметикама эле мынча акча кетет” десем, тамашалап “башталды” деп күлүп калат.
Санжар: – Эми анча-мынча эркектерге тиешелүү “заначка” деген сөзсүз болот да, ха-ха... Бильярд ойнойбуз дегендей.
Айнура: – Бильярдга көп барат экен. Аяштарым да “сен кызганба, жолдошуң чын эле бильярдды жакшы көрөт” деп калышат. Кээде чын эле ошол жактабы деп текшерип телефон чалып, шериктердин үнү чыгып жатса өзүмө келе түшөм.
– Кимиңер сарамжалсыңар?
Айнура: – Колум ачык. Базарга барып калсам, бир тыйын калтырбай коротуп салмайым бар. Санжар деле сарамжал эмес экен, карызга эле тарата бермейи бар. Билбейм, экөөбүз эми кантип байыйбыз, ха-ха...
Санжар: – Сарамжал болсом, эмдигиче миллионер болмок окшойм. Эки чөнтөк толтура акча салып чыксам деле кечинде бош калат.
КАЙЫН ЖУРТ МАСЕЛЕЛЕРИ ТУУРАЛУУ
– Кайындарыңарга жагынуу үчүн өзүңөргө жакпаган иштерди кылып көрдүңөрбү?
Айнура: – Албетте, барат экенсиң. Кыз кезде каалаган учурумда ойгончумун. Келин болгондо жоопкерчиликтүү болуп калдым. Бишкекке келгенде кайненемдер жок болсо деле эрте туруп алмай адат пайда болду.
– Санжар, сиздин күч күйөө болуп жүргөн мырзаларга көз карашыңыз?
– Кудай сактасын андайдан. Андай абалга түшпөгөнгө аракет кылыш керек.
БАЛА-ЧАКА ТУУРАЛУУ
– Силердин кичинекей үй-бүлөдө “анделек” пайда боло элекпи?
Айнура: – Буюрса, болот.
– Канча балалуу болууну пландап койдуңар?
Айнура: – Мурда 10 балалуу болгум келчү. Бирок азыркы жашоодо кыйыныраак болуп калат окшойт.
Санжар: – 2 эркек, 1 кыз болсо сонун болот деп койбоюмбу. Бирок Кудайдын бергенин ала беребиз.
ҮЙ-БҮЛӨДӨ
– Айнура, анча-мынча өжөр мүнөзүң бар эле. Үй-бүлө рулун талашпайсыңбы?
– Ооба, андай өжөрлүгүм бар. Бирок ошол эле учурда мен жолдошумдан коркуп турушум керек. Ал мени башкарып турса, бирок мени да түшүнсө деген ниетим бар.
– Санжар, өжөр айымдар эркектерге көп жага бербейт. Сизгечи?
– Эркектин ролун талашып турса “контролдойбуз”да.
– Айнуранын колу бошобой турганда курсагыңыз курулдап калса, тамак жасай саласызбы?
Айнура: – Кээде бошобой жатканда “дарбызды кесип койчу” десем да, “аял кишинин жумушун аял кылыш керек” дейт.
Санжар: – Азыр эми жаңы үйлөнүп, бири-бирибизге эркелешип турган чак да. Кийинчерээк керек учурда кантип жардам бербей коёюн.
АЙТЫЛБАГАН СЫРЛАР
– Ушуга чейин бири-бириңерге айтылбаган сырларыңар барбы?
Айнура: – Мен Санжар менен жаңы таанышканда эле дос катары мурунку жигиттеримди, башымдан өткөн окуяларды болгонун болгондой айтып салгам. Эжем да айтат "жаш баладай болуп баарын айта бербей, кичине жашырганды үйрөнбөйсүңбү" деп.
Санжар: – Айнура, мен жынсы шым кийгенди жакшы көрөм. Сенин көңүлүңдү кыйбай эле классика кийип жүдөп жатам.
– Бул жашооңорго чейинки сүйүү романдарыңар тууралуу ачык эле айта бересиңерби?
Айнура: – Ооба, ачык эле сүйлөшөбүз. Санжардын мурда кыздар менен түшкөн сүрөттөрүн көргөм. “Бул сүрөттөр ата-энеңдин эле үйүндө калсын. Эгер экөөбүздүн үйгө алып барсаң, өрттөп салам” деп айткам.
Санжар: – Эми ал мурдагы нерсе эстелик болуп кала берет. Эркек болгондон кийин менде деле сүйүүлөр болгон. Бирок чыныгы сүйүүңө келгенде анан турмуш курат экенсиң. Айнура менин кечиккен махабатым болду. Андан эч нерсени жашырбай айта берем.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg