ЧЕК АРАЧЫ 5 АДАМДЫ АТЫП ӨЛТҮРДҮ

Орозо айт майрамынын эртеси, аптанын алгачкы күнү “чек ара кызматкери башка кесиптештерин атып кетти” деген суук кабар менен башталды. Ысык-Көл облусундагы чек ара тозотунда кызмат өтөп жүргөн Кулбарак уулу Балбай аттуу катардагы жоокер 4 чек арачыны жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткен.

КЫЗМАТЫ АЯКТААРГА БИР АЙ ГАНА КАЛГАН
20-август күнү болжол менен түшкү 12 жарымдарда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБине Сары-Жаз жайлоосундагы малчылардан маалымат түшкөн. Алар Караколдон 150 чакырымдай алыс жайгашкан “Эчкили-Таш” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер АК-74 автоматы менен келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 жоокерди жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткенин айтышкан. Ал эми үч чек арачыга малчылар жардам берип, бекитип калышкан. Анан уюлдук байланыш бар жерге жетип, милицияга кабар беришкен. Кызматташтарын атты деп шектелген чек арачы куралын алып, тозоттун командирине тийиштүү ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткен. Беш адамды атып, качып кеткен жоокерди издөөгө байланыштуу Ысык-Көл облустук ИИБинин өздүк курамы түп көтөрүлө күчөтүлгөн режимге өтүп, бардык райондордо тосмо бекеттер коюлуп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
Бул факт боюнча чек ара кызматынын башкы штабы шашылыш чогулуш өткөрүп, абалды талкуулап, окуя болгон жерге чек ара аскерлигинин башкы штабынын төрагасынын орун басары, генерал-майор Рыскелди Мусаев баш болгон офицерлер тобу жөнөтүлгөн. Жоокер айдай качкан автоунаа ошол эле күнү кечке жуук чек ара тозотунан алыс эмес жерден табылган. Ал эми 21-август күнү качкан жоокерди издегени чыккан топ Кулбарак уулу Балбайды Ай-Таш капчыгайы тараптан табышкан. Чек ара аскерлери менен аймактык ИИБдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте аны кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөн. Кылмышка шектүү чек арачыны тирүү кармоо мүмкүн болгон эмес, атышуу учурунда каза болгон.
Кулбарак уулу Балбай Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында 1993-жылы туулуп, 2011-жылдын күзүндө аскерге чакырылган жана күздө кызматы аяктамак. Кызматы аяктаарга бир ай гана убактысы калган аскер эмне үчүн кызматташтарын атып салганы азыр табышмак...

4 БЕРЕНЕ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Аты белгисиз калуусун каалаган милиция кызматкеринин билдиришинче, бул кандуу окуя 19-августта кечки 11лерде эле башталган. Кулбарак уулу Балбай заставага жооптуу болуп турган Бакыт Кадыров менен уруша кетип, аны келинчеги менен кошо атып салган. Анан эртең менен эки жоокердин аялын курал-жарак кампасына камап койгон да, дагы 3 чек арачыны атып салган. “Молодой” дагы 3 чек арачыны кубалап жиберип, өзү качып кеткен. Ал эми аскер прокуратурасы тергөө бүткүчө эч нерсе айтпай турганын, тергөө аяктагандан кийин гана маалымат берерин айтышууда. Кылмыш эмнеден келип чыкканы тууралуу азырынча так маалымат айтылбай жатат. Тергөөнүн жыйынтыгында бул кыргындын айланасындагы башка жагдайлардын да бети ачылып калышы мүмкүн. Учурда бул окуя боюнча Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), 172-беренеси (автоунааны же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу), 245-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды уурдоо) жана 360-беренеси (дезертирлик) боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштын эмнеден улам келип чыкканын, кандай жагдайда болгонун иликтөөдө. Тирүү калган 3 чек арачы күбө катары сурак берүүдө. Мындан сырткары жооптуу делинген адамдар да сурак бериши күтүлүүдө.
Бул окуяда каза болгон 5 кишинин сөөгү Каракол шаарына жеткирилген. Алардын сөөктөрү керектүү экспертизалардан өткөрүлүп, 22-августта кичи мекенинде жерге берилди. УКМКнын Чек ара аскерлигинин жетекчилиги жана офицердик кеңешме тарабынан каза болгон адамдардын үй-бүлөсүнө жардам берүү боюнча чечим чыгарылды.

Каза болгондордун тизмеси:
1. Прапорщик Мирлан Маликов – «Эчкили-Таш» чек ара тозотунун башчысы, 1975-жылы туулган.
2. Сержант Бакыт Кадыров, 1987-жылы туулган.
3. Ага сержант Саадатбек Токтосунов, 1988-жылы туулган.
4. Сержант Ырысбек Калманбетов, 1982-жылы туулган.
5. Нуриза Шерикбаева – сержант Б.Кадыровдун келинчеги, 1985-жылы туулган.

КАЗАКСТАНДАГЫ ОКУЯ КАЙТАЛАНДЫБЫ?
Бул каргашалуу окуя жакында эле коңшу Казакстан өлкөсүнүн Кытай менен чектешкен жериндеги “Арканкерген” чек ара тозотундагы окуяга окшошуп кетет. 28-майда 14 чек арачы жана токой корукчусу өлтүрүлгөн эле. Окуя болгон учурда чек ара тозотунда 15 кызматкер болгон. Өлтүрүлүп, анан өрттөлгөн 14 чек арачынын денеси табылган, 15-чек арачы 19 жаштагы Владислав Челах аттуу катардагы жоокер 4-июнда кармалып, 15 кишини өлтүргөнүн жана чек ара тозотун өрттөп жибергенин мойнуна алган. Бирок июль айынын аяк чендеринде “психологиялык басымдын астында көрсөтмө бергенмин” деп алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Анын үстүнөн киши өлтүрүүдөн сырткары дезертирлик жана уурулук сыяктуу 10 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ЭҢ ЖОГОРКУ ЭШЕЛОНДО КАРАЛУУДА
Бул окуя боюнча 21-августта премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилери менен бирдикте кеңешме өткөрдү. “Эчкили-Таш” чек ара тозотунда болуп өткөн окуя боюнча УКМКга жана Чек ара кызматына дыкат иликтөөнү тапшырып, бардык укук коргоо жана күч органдарына "дедовщина" илдетин жоюу милдетин тапшырды. Мындан сырткары бардык каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, премьер-министрдин резервдик фондунан ар бирине 100 миң сомдон бөлүп берүүнү тапшырды.
Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев да каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Коргоо кеңешинин катчылыгына, Башкы прокуратурага жана УКМКга бул каргашалуу окуянын келип чыккан себебин кылдат иликтөөнү тапшырды. Президент “УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын жетекчилиги аскер кызматкерлеринин өздүк курамынын ичиндеги шартты жакшыртууга аракет кылбаганы көрүнүп турат” деп болгон окуядан олуттуу тыянак чыгарып, мындай окуя кайра кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлүшүн тапшырды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
good5like
2012-08-27 11:37:39
jaiy jailuu bolushsun! bul kabardy novostiden korgonumdo superdin jany sany 4ygywyn abdan katuu kuttum ele.
mumkun 4ondor al balany tajatkandyr owonu u4un e4 nerse kozgo korunboi atyp salsa kerek kantse da bir gana kudai bilet kandai bolgonun
0
Shurik87
2012-08-27 18:03:31
Жаткан жерлери жайлуу болсун ага сержант Токтосунов Саадатбек менин группалашым болчу угуп алып аябай капаландым
0
Шаиста Шатманова
2012-08-28 12:07:46
1993-жылы туулган бала экен, 19 гана жашта. Ушундай жашта мынчалык оор кылмышка жоокерди эмне түрттү? Кызматын өтөп бүтөөрүнө 1 ай гана убакыт калган экен. Мен тиги кылмышкердин колунан каза тапкандарга да, аларды өлтүрүп, кийин өзү өлгөн балага да боорум ачыды. Дедовщинага олуттуу көңүл бөлүп, таасирин азайтпаса мындай окуялар дагы деле улана берет.
0
nelli
2012-08-28 15:06:24
жаткан жайлары жайлуу болсун
0
Emil.
2012-08-28 22:51:03
Дедовщина эле себеп болсо керек. Эмнеси болсо да Аллах куноолорун кечирсин.
0
kyrgyzz
2012-09-06 21:23:10
Emil., tuura ayttasin buga dedovwina ele kunoolu azyrky armi9 armi9 dele emes 4ynyn aitsa baldar bawy ooruk4al bolup keluudo bawkalarga sabak bolot dedavwina ozunun 4egi menen boluw kerek da


0
Melis-Aruuke
2012-08-29 18:09:07
100 мин сом аз го,1 миллиондон бербейби жок дегенде
...
0
akumut
2012-08-31 17:28:25
Мунун баары дедовшинанын айынан болгону корунуп турат, озу чек ара кызматчылары башкача кызмат отошот, мындайча айтканда "жирно" жашашат, ким служба кылган болсо жакшы билет, кайсы аскер болугу кантип жашаарын, эмне болгон кундо да жакшы иш болбоптур, конул айткандан башка аргабыз жок эми.
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан