СИҢДИСИ КЕЙТ МИДДЛТОНДУН АБРОЮН ТҮШҮРҮҮДӨ

Ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтондун туугандары анын аброюн түшүрүүдө. Дегенибиз, Кейттин аталаш тууганы, 22 жаштагы Катрина Дарлинг “Плэйбой” журналынын бетине жылаңач сүрөткө түшүп берди. Мындан бир аз мурун Кейттин агасынын эркек адам менен өбүшүп турган сүрөтү интернет булактарына тарап кеткен эле. Мындан улам англиялыктар "Кейттин туугандары анын репутациясын түшүрүүдө" деп абдан капа. Кыскасы, ханбийке Диананын ордун басчу Кейттин туугандарынын жоругу, чынында, мактанарлык эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан